Төңкөрүш уюштурууга шектелип камалган Канат Исаевдин агасы генерал Талантбек Исаев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды
ИИМдин Күзөт башкармалыгынын башчысы, генерал Талантбек Исаев кечээ, 2-октябрда кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге аталган мекемедеги өздүк булактар тастыктады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына кайрылганыбызда ал боюнча маалымат берилбей турганын билдиришти.
Талантбек Исаев "бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деген шек менен 30-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин бир тууган агасы.
Талантбек Исаев 2014-жылдын 30-ноябрында ИИМдин Жол-кайгуул кызматынан бошотулуп, аталган кызматка келген.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
-3

