super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Чек ара кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

 

Бүгүн, 28-майда президент Алмазбек Атамбаев чек ара кызматкерлерин кесиптик майрамы - Чек арачылар күнү менен куттуктады. Куттуктоонун мазмуну төмөндөгүдөй:

 

“Урматтуу чек ара аскерлери, Чек ара кызматынын ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Чек арачылардын күнү менен куттуктайм! Чек аранын коопсуздугун камсыз кылуу – мамлекеттин эң маанилүү милдеттеринин бири. Ошондуктан мамлекеттик чек араны кайтарууну жана коргоону күчөтүү максатында Кыргызстандын Чек ара кызматына өз алдынча органдын статусун ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган. Учурда Чек ара кызматы калыптанып келе жатат. Материалдык-техникалык жактан жабдууну жакшыртуу, чек арачылардын эмгек маянасын жогорулатуу боюнча көп жылдардан бери аткарылбай келген иштер башталды. Буйруса бул иш улантылат. 

Биз теңчилик, ишенимдин негизинде улуттук кызыкчылыктарыбызды көздөп, коңшу мамлекеттер, Россия менен тыгыз кызматташууга умтулабыз. Биздин чек арабыз эл аралык террористтерге жана экстремисттерге, трансулуттук кылмыштуулукка жана баңгитрафигине каршы ишенимдүү бөгөт болууга тийиш. Мына ошондо гана өлкөбүздө жана регионубузда тынчтыкты жана бейпилдикти сактай алабыз. Ошондо гана биз кубаттуу жана өнүккөн Кыргызстанды кура алабыз.

Чек ара кызматы абдан түйшүктүү. Сиздер катаал шарттарда: алыскы чек араларда жайды- жайдай, кышты-кыштай, күн-түн дебей кызмат өтөйсүздөр. Сиздер менен бирге кызматтын жана турмуш-тиричиликтин түйшүгүн үй-бүлөңүздөр кошо тартат. Бирок эмгегиңерди, бардык күч-кубатыңарды ыйык милдет, өз Мекениңер, кыргызстандыктардын тынчтыгы жана бейпилдиги үчүн жумшап жатасыздар. Мындан ары да ата-бабалардын салттарын улантып, аскердик милдетиңерди татыктуу аткарат деп терең ишенем.

Бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай, ийгилик жана бакубат турмуш каалайм!Кыргызстаныбызда тынчтык жана туруктуулук болсун!"






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: