super.kg logo

Бегимай Карыбекова: "Киндикти ачып жүргөнгө караганда, оозун көп ачкандар жаман"

 

Бир нече мүнөттөрдөн соң "Кыргызстан сулуусу-2017" сынагынын жеңүүчүсү жана "Top Model Of The World 2016", "Miss Intercontinental 2016" сынактарында Кыргыз мамлекетинин атынан катышып, 15-октябрдан 20-ноябрга чейин Кытайда өтө турган "Дүйнө сулуусу-2017" сулуулар сынагына жол тартуу алдында турган Бегимай Карыбекованын SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги башталат.

Кыргыз жеринде эле эмес, Европа, Азия өлкөлөрүндөгү подиумдарда мода көрсөткөн сулуу тууралуу сизди кызыктырган суроолор болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып узатыңыз. Жөнөтүлгөн суроолордун арасынан оригиналдуу, кызыктуу делген суроонун ээсине белек ыйгарылат.

Эскерте кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт. Суроолорду түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып, жооп алсаңыздар болот.

15:00 Бегимай Карыбекованын түз эфирдеги маеги башталды, сулуу алып баруучулар даярдаган "ойготкуч суроолорго" жооп берүүдө.

15:10 Суроо: "Жүрөгүң бошпу, кандай балдар жагат?"

"Тарбиялуу, билимдүү балдар жагат, андан соң гана сырткы келбетине карайм. Учурда жүрөгүм бош", - деди ал.

15:15 Окурмандын "Моделдер аз акча табышат, бирок кымбат баалуу унаа айдап, чет өлкөдө эс алышат. Демөөрчүлөрү барбы?"

"Кыргыз жеринин экономикасы менен карасак жакшы эле каражат табышат. Мисалы, 15 миң сомдон жогору. Ал эми демөөрчүлөргө ар бир адам муктаж. Менин демөөрчүм - ата-энем", - дейт Карыбекова.

15:18 Чет өлкөлөргө көп чыккан сулуу ал жакка эс алууга гана эмес, өзүнүн кесибине байланыштуу жумуштар менен барарын айтып өттү.

15:20 Окурмандын "Өзүңдөн улуу, 50-60 жаштагы эркек сүйүүсүн арнаса?" деген суроосуна, "Сулуу айымдарга ар дайым көз артып келишкен. Мисалы, Акмөөргө деле Жантай чал сүйүүсүн арнаган. Мен жашка көп маани бербейм, бирок ар нерсенин чеги болот. Азыркы учурда 60 жаштагы киши менен мамиле курууга даяр эмесмин", - деди ал.

15:22 Жакында "Дүйнө сулуусу-2017" сынагына аттануу алдында турган Бегимай Карыбекова ал жакка баруу үчүн 16 миң доллар каражат керектигин, бирок жардамды мамлекет тарабынан күтпөстөн өз чөнтөгүнөн төлөй турганын билдирди.

"Ушул кезге чейин өзүм каражат таап келем. Ошондой эле бир туугандарым тарабынан колдоо болот", - деди ал.

15:25 Суроо: "Кыска кийингенден уялбайсыңбы?"

"Негизи кыска кийимдерди кийбейм деле. Бул болгону фотосессия үчүн түшкөн сүрөттөр. Киндикти ачып жүргөнгө караганда, оозун көп ачкандар жаман", - деди ал.

15:30 "Ала качып кетсе отурасыңбы?"

"Жок, ала качкан адам мыйзам алдында жооп берет" дейт сулуу.

15:33 "14-15 жашыңда ата-энеңе баш бербей, Ак-Талаадан көчүп кеткен экенсиң?"

"Жок, мен ата-энем менен эмес, чоң ата, чоң апам менен жашачумун. Ошолор менен Бишкекке көчүп келгенибиз чын. Учурда ата-энем менен бирге турам", - деп жооп берип жатып, чоң атасын эстеп көзүнө жаш алды.

15:36 Нурлан Насиптин аткаруусундагы "Мен эми кайрылбайм" деген ырынын клиби көрсөтүлүүдө. Аталган клиптин баш каарманы - Бегимай Карыбекова.

15:38 Бегимай клипке кандайча тартылып калганын айтып жатып, ага 16 жашында тартылганын жана эч кандай гонорар албаганын айтты.

"Клипке тартылуу учурунда эч кандай шарт жок болчу. Анткени талаада жүргөнбүз. Мындан улам абдан жүдөө көрүнүп калгам" деди ал.

15:42 Суроо: "Сүрөттөрдөн белиң ичке көрүнөт, фотошоп программасын колдоносуңбу?"

"Көпчүлүк адамдар ушул суроону беришет. Албетте, фотошоп ар бир сүрөткө колдонулат. Бирок өзүм деле кымча белдүүмүн. Москвадан операция аркылуу 2 кабыргасын алдырган деп айтышат экен. Бул жалган. Мен ден соолугума байланыштуу ооруканага жатып чыккам", - дейт модель.

15:46 Модель алып баруучулар даярдаган оюнга активдүү катышууда.

15:55 Суроо: "Президент болуу оюңузда барбы?"

"Негизи илгертен эле бийлердин баары - эркектер болушкан. Ал гана эмес үй-бүлөнү да эркек башкарган. Мындан улам кыз башым менен саясатка аралашкым келбейт, оюмда да жок", - деди ал.

15:58 Окурмандын "сулуунун жүрөгү жок дешет, сүйүүгө ишенесиңби?" деген суроосуна, "Ушул сөзгө кошулбайм, бардык адамдын жүрөгү бир. Сүйүүгө ишенем. Өзүм сүйүп көрбөсөм да, жактыруу сезимдерине кабылгам" деп жооп берди.

16:00 "Кандай үлгүдөгү унаа айдайсың?" деген суроого "Учурда унаам жок, жакында эле сатып жибергем. Азыр коомдук унаада жүрөм", - деди ал.

16:15 Суроо: "Сизди "Кыргызстан сулуусу-2017" сынагындагы жеңишти сатып алды дешет?

"Сатып алган адам эч качан "сатып алдым" деп айтпайт деп койбоюнбу. Тамаша, сатып албай эле, өзүмдү татыктуу көрсөткөнүм үчүн жеңишке жеткем", - деди модель.

16:20 Бегимай Карыбекованын SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги соңуна чыкты.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(29)
03.10.2017. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Кимге добуш бересиз ачык айтынызчы анан эмне учун тандадыныз.
03.10.2017. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Таанышып албайлыбы)
03.10.2017. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Кайсыл жактан кийинесиз
03.10.2017. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Сураныч бир куплет ыр ырдап беринизчи либой тилде болсо боло берет
03.10.2017. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Мамлекеттин ичиндеги корунушторго оюн кандай? Негизи эле саясатка тушунугун барбы?
03.10.2017. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Окууңузду акча менен бүтүрөсүзбү?Же параларга калбай барган студенттин катарындасызбы?
03.10.2017. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Бул кимдин кызы болду экен?
03.10.2017. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бегимай сүйлөгөнүң жакты. Ар бир суроого так, юмор менен жоопторун айтор озгочо. Чоң эне чоң атандын колунда өскөнүңдүн таасири болсо керек. Бул эфирден кийин инстада сага подписка кылам созсуз. Мотивация үчүн сага эмне керек. Эмнеден вдохновение аласың? Китеп окуйсунбу? Кайсы китептерди сунуштайт элең?
03.10.2017. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жашоодо аябай арык, бою узун кара тору кыз экенсин. Козуно линза тагып, кирпик чаптап, 1 кг шпаклёвка чаптап алат экенсин. Сенден кыздар толтура. Ушул жасалма озун сулуу десе, Чыныгы сулуу ак жумал кыздарды корбопсунор.
04.10.2017. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akberdiev,эмне кара болсо сулуу болбой калабы ойлонуп жазсан акжуумал деп
03.10.2017. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Сизге жаккан эн баалу белек экенин билгим келип жатат?
03.10.2017. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бул уй булоону жакшы тааныймын чон атасы Карыбек аябай жакшы киши болчу.Апасы да атасы да сулуу кишилер.
03.10.2017. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
узунураак жабыгыраак кийин менин каалоом ушул, ачык кийинген уяты жоктун иши, мода деп эле чечинип албай, кийин куйоого тийишти да ойлонуш керек. Ачык жургон кызды ким эле алгысы келсин
kechirmeni түзөттү 2017-10-03 16:51:06
03.10.2017. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
"Киндикти ачып жүргөнгө караганда, оозун көп ачкандар жаман" дейтго. Оозун ачкан менен денеси корунбойт, эркекти азгырбайтда.
Shaa-82 түзөттү 2017-10-03 17:21:58
13.10.2017. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shaa-82,бул суроого менимче философ.жооп берген го...киндик ачса не болуптур за то ХХХХ эмесмин деген го чаамда
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-13 16:22:41
03.10.2017. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
менин суроомо не деп жооп берди айтып койгулачы
03.10.2017. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин айылымдагы чыныгы кыргызымдын кымыз жыттуу, кара тору, чачтары узуун, ийкемдуу кыздары сулуу экен, эч боексуз эле.
Же жалганбы?
03.10.2017. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биринчи коргондо чынында ии тамшандырган сулуу экен деп кыз башым менен суктандым эле, бирок азыр ошол сулуулукту коро албай койдум. макияжтан кеткенби же башкасын кылганбы, айтор бугун супсак корунду , бул менин жеке оюм. артык кылам деп тыртык кылып алгандай сезилди. Бирок ийгилик каалайм жана озундун Аллах берген нукура сулуулугунду чанба
03.10.2017. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аягына чейин көрүүгө чыдай албадым. Негизи сүйлөө речи жок экен, же толкундандыбы. Макалдын аягын айтып коёт экен го))
03.10.2017. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
жоопту кайдан угам.айланайын мекендештерим айтып койгулачы
04.10.2017. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rasul94, саламатсызбы! Жоопту жогору жактагы видеодон уга аласыз.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-04 11:02:12
03.10.2017. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
макияж адамды жашынан уулу корсотуп койот нукура суулулука эч нерсе жетпейт
03.10.2017. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
менин суйлошкон кызымын чыпалагыго...хххх
03.10.2017. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алып барруучу кыз сулууго
03.10.2017. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бегимайды без макияж корсонор чыныгы сулуу кыз,кирпикти чаптабай эле,озунун кирпиги тогулуп турат.
03.10.2017. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
зор кыз кен ама вай вай
04.10.2017. 08:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оозум ачпайм деп тошун ачып алганго
04.10.2017. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Козу жакты
04.10.2017. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Чынында сулуу кыз экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: