super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Той-мааракелерди ичимдиксиз өтө турган кылып мыйзам чыгарып койсо кандай болот?"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Араксыз той-маараке" деген тема талкууга алынган.

Темадагы автордун билдирүүсү:

"Той-мааракелерди араксыз өтө турган кылып мыйзам чыгарып койсо кандай болот? Мыйзам чыгарбаса, айыл-жерлериндеги той болгон жерде аксакалдар, көрүнүктүү адамдар бир чечим чыгарып тойлорго арак койгонду жок кылып коюшса деген ой. Тойдун ээсине да бир канча чыгым болбойт эле. Бир караганда араксыз той-тамаша кызыбайт жана арагы жок экен деп эч ким келбей коёт..." (Уландысы "Суперстанда")

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Туура маселе козголуптур. Араксыз тойлор деле аябай жакшы өтүп жатат. Той тынч, таза өз нугунда өтөт экен. Мен көп жолу күбө болдум. Эгер мен той өткөрсөм эмнеге уялмак элем, арак шарабы жок эле өткөрмөкмүн. Мейманга да ичимдиксиз эле барам. Ошо арактын айынан бардык жаман нерселер болуп жатпайбы. Араксыз эле шаңдуу бийлеп, сүйлөп ар түркүн оюндарды уюштуруп отурушса болот. Кайдан, бирок жоюп салышына көзүм жетпейт. Азыр бири-бирин укпаган тоготпогон заман окшойт".

"Менин досумдун тоюнда арак коюлган жок. Той ээси жана жашы өткөн коноктор үчүн той жакшы өттү окшойт. Бирок тойканада досторубуздун бирин да таппай калдым. Баары арак ичкенге кетип калышыптыр. Араксыз тойдун аягы мас болуп келген балдардын мушташы менен аяктаган".

издин тууган-урук той өткөрсө, албетте, чоң атамдар жана чоңдор отурган бөлмөгө же кафеде болсо ошол столго эч качан арак коюлбайт. Алар эч кимдин арак ичкенин көрбөйт, байкабайт. Ал эми үйлөнүп же чакырылып жаткан күйөө баланын достору, арак койсоң, койбосоң өздөрү таап келип ичишет. Бул эми турган иш да".

"Араксыз той болсо кандай жакшы. Ошондо чындап каалоо-тилектер орундалса керек. Бирок көбүнчө той арак-шарап менен болуп, келген коноктор мас болуп, каалоо-тилек айткан адам болуп тантып эле жатып калышат".

"Араксыз тойду колдоймун, бирок музыкасыз "ЗАГС-магсы" жок дегениңер кандай? Кыргыз ырсыз, бийсиз той өткөргөн эмес, тажиядан айырмасы жок болуп калбайбы. Боёкчу десе, сакалын кошо боёптур болбогулачы. Орто кылым дейин десең орто кылымда деле музыка коюп бийлеп, майрамдап той өткөргөн. Мусулманчылык десең, ошол эле Арабия, Пакистанда жылаңач кыздары баш болуп бийлешет, ойношот".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
03.10.2017. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кана эми ошондой мыйзам чыкса! Азандын үнүн коюп арак, шарапка чектөө киргизүү керек.
03.10.2017. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тажикстандагыдай кылып тойлорго чектөө киргизбесе, ысырапкорчулук элдин күнүмдүк турмушуна өтө терс таасирин тийгизүүдө.Үнөмдөөнү үйрөнсөк жашообуз оңолмок.
03.10.2017. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун болот өткөндө ошентип эле отурдук. Шаңдуу болуш үчүн сөзсүз шараптын кереги жок.
03.10.2017. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Как можно танцевать по тойским песням, надо чувствовать ритм)) деп "халял той" деген прикол жактыго.
05.10.2017. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Той кандай болмок эле сонун болот,тынч кыйкырмай мушташмай жок,анан жогоруда бирөө айткандай ысырапты да жок кылар мыйзам болсо, антбесе бизге рубль келе берет,ал керектүү нерсеге жумшалбай бир эки күндүк тойдо асманга самандай сапырылат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: