Ак-Суу районунда эки капка салынган баңгизатын сатып жаткан тургун кармалды
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда эки капка салынган баңгизатын сатып жаткан тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ак-Суу районунда 31 жаштагы Ж.У. аттуу тургун баңгизатына сатып жаткан жеринен кармалган. Иликтөө ишинин негизинде капка салынган баңгизаты 10 килограммдан ашык марихуана экендиги аныкталган.
"Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси (Баңгилик каражаттарды, психотроптук заттарды сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Kroxa

05.10.2017. 09:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сатып алам деп барган адам саткын да..негизи кара куурайдан алыс эле оокат кылсак..тубу ушундай бутот турмо менен..
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.