super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 4-ОКТЯБРЬ: Бишкектеги "Эркиндик", "Манас", Бүбүсара Бейшеналиеванын жана башка бир топ айкелдердин автору Тургунбай Садыков 82 жашка толду

 
Скульптор өзүнүн өнөрканасында

Таланттуу айкелчи, Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү Тургунбай Садыков бүгүн, 4-октябрда 82 жашка толду.

Ал 1935-жылы 4-октябрда Баткен районунун Говгусар айылында жарык дүйнөгө келген. Бала кезинен эле сүрөтчү болууну эңсеген Тургунбай Садыков өзүнүн чыгармачылык ишин республикалык, бүткүл союздук, эл аралык сүрөт көргөзмөлөрүнө катышуу менен 1954-жылдары баштаган. Ал көбүнчө жыгач, таш, гранит, коло, чопо материалдары менен иштеген. Айкелчинин биринчи эмгектери - "Койчу", "Эне", "Саанчынын сүрөтү", "Жылкычы", "Дирижёр" жана башкалар.

Белгилүү скульптордун колунан көптөгөн көрүнүктүү эмгектер жаралган. Аларга "Жеңиш" аянтындагы "Жеңиш" эстелиги, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдында тургузулган "Манас" скульптуралык комплекси, Бүбүсара Бейшеналиеванын айкели жана башка көптөгөн эстеликтер кирет.

Тургунбай Садыковдун чыгармачылыгындагы өзгөчө орунду белгилүү дарыгерлер Мирсаид Миррахимов, Мамбет Мамакеев, жазуучу Чыңгыз Айтматов, сүрөтчү Гапар Айтиев, актёр Муратбек Рыскулов, манасчы Саякбай Каралаев жана актриса Даркүл Күйүкованын портреттери ээлейт. Скульптордун эмгектери Орусия, Япония, АКШ, Франция, Польша, Люксембург, Монголия жана Кытайдын музейлеринде коюлган.

4-октябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
04.10.2017. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз эл баатыры деген наамы бар экенин билесиңерби, алгачкылардан болуп алган
04.10.2017. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин айылымдан болот,,, коп жашасын дагыда, сыймыктанабыз Баткен!!!!
04.10.2017. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
umar_official,болунбо тууган,кыргызстандык го акыры
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: