Ата салты: Казанга эң алгач кар жилик салынат. Эмне үчүн аталган жиликти душмандан коргойт дешет?
Кар жилик койдун алдыңкы бутунун тизеден күң жиликке чейинки бөлүгү. Кар жилик эт тартууда сыйлуу жиликтердин катарына кирет. Койдун башка жиликтеринен айырмаланып кар жиликке байланыштуу көптөгөн ырым-жырымдар, атадан калган үрп-адаттар бар. Алардын бири катары казанга эт салууда эң алгач кар жиликтин салынышы. Аны өз көзүбүз менен көрүп жүрөбүз, бирок кар жиликтин эмне себептен казанга биринчи салынарын көпчүлүк биле бербесе керек.
Айрымдар аны кой суу ичкенде кар жилик биринчи сууга түшкөнү менен түшүндүрүшсө, айрымдар кар жилик улуу болгондуктан казанга биринчи салынат дешет.
Филолог Сыртбай Мусаев кар жиликтин казанга биринчи салынышын төмөндөгүдөй түшүндүрдү.
"Кыргыз эли башынан адамдар ортосундагы мамилени жакшыртууга өзгөчө маани берип келишкен. Үйүнө келген конокту сыйлап, урматтап, тамак берген. Кээ бири бата тилеп, кой союшкан. Мына ошол кой союлуп, этин казанга салуу да өзүнчө үрп-адаттар менен коштолот. Казанга суу куюлган соң адегенде кар жилик салынат. Биринчиден, улуу жилик катары эсептелет. Экинчиден, кар жилик "адамдарды сактайт" деген ишеним бар. Кыргыздар кар жиликти таза мүлжүп, чакпай алыс жакка ыргытып, "Менчилеп жылкы кайтарып, элди сактап жүр" дешкен", - деди Мусаев.
Элдик ишеним боюнча, кар жилик үйдү, малды душмандардан, ууру-бөрүлөрдөн коргогон. Аны жигиттин жилиги дешип, жатарда кар жиликти боз үйдүн керегесине кыстарып "бүгүн сен жылкы кайтар, короо кайтар" деп айтышкан. Эгерде алыс жолго чыкса куржунга кар жиликти салып, кырк жигит коштойт деп эсептешкен. Кар жиликти коркунуч келе турган учурда пайдаланышкан. Душманды алсыратып, анын тукумунан даражалуу адам чыкпасын дешип эки жиликти бир жерге кагышкан.
кошулду

Бул ата-бабаларыбыздын ишеними, ага сени ишен деп мажбурлаган эч ким жок. Бирок тушунуу, сый менен мамиле кылуу керек... Ата-бабаларыбыз исламды кабыл алганына болгону 3-4 кылым болду. Ага чейинки миндеген жылдар тарыхычы?!! Оз ата-бабанды жээрип, арабдардын этегин кармаганын жакшыбы?!! Динди салтка каршы койгонду токтоткула, чала молдо бузар болбой!
"Кар жилик сен кой кайтар" дегени эмне анда карангылыкпы!?
Эми сөөккө ишенгиле анда..