super.kg logo

УКМК: "Канат Исаевдин күнөөсү далилденүүдө"

 

Камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев бийликти күч менен басып алууга даярдануу, баш аламандыкты уюштуруп, жеке саясий кызыкчылыктарга жетүүгө аракет кылган деп айыпталууда.

Буга байланыштуу УКМК коомчулукка маалымат таратты.

"Коюлган айыптар боюнча, тергөөдө алынган далилдердин негизинде Канат Исаевдин күнөөсү далилденүүдө. Иштин материалдарында күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, соттун уруксаты менен алынган аудио жана видео материалдар бар. Анда Канат Исаев жана анын тарапташтары, шайлоо убагында жана шайлоодон кийин добуштар жасалмаланган деген шылтоо менен мыйзамсыз бийликке келүү максатын көздөп, күч колдонуп, өлкөдөгү абалды курчутууну пландаштырган.

Бул планды ишке ашыруу үчүн Канат Исаев жана анын колдоочусу ири суммадагы акчаны топтоп, жаштарды, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн укук коргоо органдарына каршы коюу үчүн чогулткан.

Учурда Канат Исаев менен катар эле бийликти күч менен басып алуу жана массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу боюнча козголгон кылмыш ишине тиешелүү адамдар, сурак жана беттештирүү учурунда Исаевдин күнөөсүн тастыктай турган көрсөтмөлөрдү берип жатышат.

Тергөө иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, Башкы прокуратура 30-сентябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевге карата "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал ушул кылмыш иштерин жасоого шектүү катары кармалган. 2-октябрда сот Канат Исаевди 30-ноябрга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.

Кечээ, 3-октябрда жактоочу К.Исаевди айыптоого далилдер жок экенин жана чуулуу видеодо Исаев берип жаткан акча үгүт иштери үчүн гана болгонун айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(14)
04.10.2017. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Буларда байлык деген толтура ушуга шугур кылып эле журо беришпейт беле мындай башаламандыка илешпей эле.
04.10.2017. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gema,Байлыкты эмне учун топтошот,байлыктан кучтуу бийлик деген бар.Байлыгы бардын бары бийлике жулунушат.Бийлике келгенден кийин 100 эсе байлыгын кобойтот.Бир бийликтин даамын таткан адам омур бою бийлик учун тырмышып журуп отот.Анткени бийликтин даамы дамдуу жана абдан пайдалуу.
04.10.2017. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
talkuu jabyk emes go
04.10.2017. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озуно озу кылды байлыгы бар акчасын эмне кыларын билбей чачып жатта
04.10.2017. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер менин катталганыма канча кун болуптур билип бериниздерчи сураныч
04.10.2017. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
urmat94,30-avgustta kattalypsyn
04.10.2017. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Syn4y,рахмат
04.10.2017. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Кантип далилденип атат видео камера монтаж экени атайын уюштурулгандын жонокой адам деле коруп тушунуп турат.жон эле ушактын арты менен кантип камай беришсин.ак жеринен камалып кетиш оной эле болуп калдыго.аман эле болушсун укмк
04.10.2017. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Качан тынч жана жакшы жашоо болот бизде? Акча , депутат, сот, паракорлук, опг, тонкоруш ар бир кыргыздын кулагындагы создор болуп калды.
04.10.2017. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушул саясатты бир тазаласа, телефонду формат кылгандай. Ото арамдашып кетти.
04.10.2017. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Камап жок кылгыла Шуканы/Кыргыз болуп туруп КРде тополон кылып жок кылгысы бар экен да Кыргыздарды
04.10.2017. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анда Бабановду да жоопко тарткыла
04.10.2017. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошончо байлыгы мн жакшынакааай эле тирилик кыла беришпейби тынч гана.менде ошончо байлык болсо саясатка да аралашпайт болчум.
05.10.2017. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакында Бабановду да камашат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: