super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: Эксклюзив! Дорик Абдырахманов "Жолубуз башка" ырынын клибин тартуу учурунда бир топ кызыктуу окуяларга туш болгонун айтты

 

Бүгүн, 4-октябрда SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмү жаңыдан шоу-бизнес чөйрөсүнө аралашып келе жаткан ырчы Дорик Абдырахмановдун "Жолубуз башка" ырынын клиби менен толукталды. Ырчы тартуу учурунда кандай кызыктуу окуяларга туш болгонун айтып берди.

"Клип толугу менен 4 күндө, 1000 долларга тартылып бүттү. Катышкан актёр, актрисалардын баары буга чейин бир канча клипте роль жараткан профессионалдар. Тартуу учурунда кызыктуу, эсте калган окуялар аябай көп болду. Мисалы, биринчи күнү камера, оператор, актрисалардын баарын даярдап алып тартып баштайлы десек баш каармандын образындагы жигит жок. Көрсө, клип тартыларын унутуп, үйүндө уктап жаткан экен. Экинчи күнү уландысын тоодон тартмакпыз. Ал күнү катуу жамгыр жаап, унаабыз тоого чыга албай бир топ түйшүк жаратты. Ал эми клиптин аягында каарман акчасын түшүрүп алган жер бар эмеспи. Ошол учурду тартуу абдан күлкүлүү болду. Себеби биздин тартып жатканыбызды байкабай эле кээ бирөө жерде жаткан акчаны алып кетишсе, айрымдары "Ай, акчаң түшүп калды" деп токтотуп жатышты", - дейт Дорик Абдырахманов.

"Жолубуз башка" клибин көрүү үчүн шилтеме.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
04.10.2017. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Dorik????
05.10.2017. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
bek_07, коомдук адепке туура келбеген билдирүү үчүн 3 күнгө БАН!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: