super.kg logo

Бою 1 метрден ашпаган америкалык Дорис Чжон мода - бою узундар үчүн деген түшүнүктү жокко чыгарууда

 

Өзүнүн генетикалык оорусуна карабастан ийгиликке жетишкен Дорис Чжондун бою 1 метрден ашпайт. Ал мода - бою узун, келбеттүүлөрдүн дүйнөсү деп калыптанып калган түшүнүктү жокко чыгарууда. 28 жаштагы фэшн-блоггер корей улутунан, бирок АКШда жашайт.

Тайманбас мүнөзүнүн, мыкты табитинин жана акылынын артынан мода индустриясына аралашкан Дорис 9 жылдан бери көптөгөн күйөрмандардын сүйүүсүнө ээ боло алды. Бою эч качан мындан ары өспөй турганын Дорис кичинекей кезинде эле билген. Ал төрөлгөндө дарыгерлер анын илдетин дварфизм деп аныкташкан.

Ал эң биринчи текстинде эркектердин жөнөкөй эле көйнөгү ага узун көйнөк болуп калгандыгын жазып чыккан. Азыркы учурда мындай көйнөктөр кыздар үчүн трендге айланган. Кийинчерээк Дорис өзүнүн эскиздери, мода көргөзмөсүнөн алган таасирлери, ойлору тууралуу бөлүшө баштаган. Мындан улам мода индустриясындагы көптөгөн адамдар Дористи мода көргөзмөлөрүнө чакыра баштаган.

Дорис Чжон өзүн модель катары да сынап көрүүгө жетишкен. Ал өзүндөй эле дарт менен жабыр тарткандарга арналган кийим көргөзмөсүнө катышып, кадимки модель катары подиумда баскан.

Мындай ийгиликке жетүүгө ага ата-энеси жана жакындары түрткү болгонун Дорис белгилеп: "Мен эч качан өзүмдү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам катары кабыл алчу эмесмин. Мен дайыма өзүмдүн күчүмө ишенчүмүн. Мага мындай ишеничке ээ болууга ата-энем жана жакындарым жардам берет", - деп айткан.






Ооруга карабай ийгиликке жеткен Дорис

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
05.10.2017. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мммммм
05.10.2017. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ойлонуп калдым...
05.10.2017. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Корейлер кыйын келишет негизи.Теректей бой бергенче теменедей акыл бер деген макал эсиме тушуп кетти.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: