super.kg logo

Бишкекте жол кырсыгына кабылып, жамбаш сөөгү сынып кеткен эненин абалы турукташып үйүнө чыгарылды

 

Жол кырсыгына кабылып, жамбаш сөөгү сынып кеткен Бишкек шаарынын тургуну Назгүл Какишованын абалы турукташып, үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-октябрда SUPER.KG порталына айтып берди.

"Толук кандуу дарыланып дарыгерлер үйүмө чыгарышты. Учурда балдак менен аксап басып жатам. Дагы эки айдай убакыт өтсө балдаксыз басып каласың дешти. Мени сүзүп кеткен айдоочунун унаасын айып аянтына киргизип коюшуптур. Иши сотко өтүптүр. Бирок биз арыз жазган эмес элек. Ал айдоочу курулушта иштеген адам экен. Байкабай калганын айтты. Дары-дармекке кеткен чыгымдарды төлөп берди", - деп Какишова.

Эске салсак, буга чейин Назгүл Какишованы унаа сүзүп, жамбаш сөөгү сынып кеткени айтылган. Ал эми ал буга чейин боор оорусуна кабылып, операция жасатуу үчүн каражат таппай жатканын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: