super.kg logo
  Саясат  

Эмомали Рахмон: “Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы товар айландыруунун өсүшү кубандырат”

 

Кыргызстан менен болгон мамилелердин өнүгүшү, бекемделиши Тажикстандын тышкы саясаттагы артыкчылыгы болуп саналат. Бул пикирди 28-майда Кыргызстандын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев менен болгон жолугушууда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон билдирди. Президенттин айтымында, Кыргызстандын Тажикстан үчүн өзгөчө орунду ээлейт. “Биз тыгыз байланыштын, эки тараптуу жана ар тараптуу өнүгүүнүн алдыга жылышы үчүн баарын аткарууга даярбыз. Бул багытта соода-сатык, экономикалык кызматташтык маселелери биринчи планга чыккан. Бул эки өлкөнүн товар айландыруусунун өсүшүн билдирет. Өткөн жылы бул көрсөткүч 80 миллион долларды түзгөн. Ал эми 2013-жылдын 3 айында көрсөткүч 35,5 миллион долларга жетти. Бул бизди кубандырат”,- деди Рахмон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: