Нарында 2 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан токойчу изделүүдө
Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Орток айыл аймагында 2 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан токойчу изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Орток айыл өкмөтүнүн Жолчубек Абдрасулов аттуу токой чарба кызматкери 3-октябрдан бери дайынсыз болуп, изделип жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жоголгон токойчуну издөөгө 16 куткаруучу тартылып, бирок табылган эмес.
Дайынсыз жоголгон адамды издөө иштери бүгүн да улантылат деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:28
2025-07-17
16:21
2025-07-17
16:10
2025-07-17

Рейтинг:
0

Калп эле ары бери баспай пайдасыздар!
Ал кишинин суукта ахыбалы кантти экен байкуш.табылып калсын батыраак