super.kg logo

Бишкекте эл аралык террордук топтун мүчөсү кармалды

 

Бишкек шаарында Сириядан согуштук даярдыктан өтүп келген Жалал-Абад облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан эл аралык террористтик уюмдардын чагымчыл аракеттерине бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча өткөрүлүп жаткан контртеррористтик иш-чаралардын алкагында эл аралык террордук топтун мүчөсү, Жалал-Абад облусунун тургуну 1994-жылы туулган А.А. кармалды.

"Шектүү А.А. 2012-жылы Сириядагы согуштук лагерлердин биринде күжүрмөн даярдыктан өтүп, ал жактагы өкмөттүк аскерлер менен күрөшүүгө катышкан. Террордук топтун башчысынын үгүтү менен Кыргыз өлкөсүнө келип, террордук актыларды даярдоо үчүн "күтүү режиминде" турган", - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Ошондой эле маалыматта жалданмачылык боюнча кылмыш иши козголгону жана УКМКнын СИЗОсуна киргизилгени айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
05.10.2017. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жеендерден окшойт ?
almazbei түзөттү 2017-10-05 10:13:18
05.10.2017. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Azatbek83, провокация жарата турган билдирүүлөрдү жаратууга тыюу салынган. 2 күнгө БАН!
05.10.2017. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булардын "статусу" эле бир ат которум. Жанына келсен менин кошунамдын баласындай эле...
06.10.2017. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атууга бериш керек буларды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: