super.kg logo

Ош шаарынын күнүнө карата "Ак таңдай-2017" акындар айтышы өткөрүлдү

 

Ош шаарынын күнүнө карата "Ак таңдай-2017" акындар айтышы өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Ош шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өткөрүлгөн акындар айтышына Амантай Кутманалиев, Рахматулла Козукеев, Абдибали Акимбеков жана өлкөнүн жети облусунан келген жаш төкмө акындар катышты.

"Иш-чаранын жүрүшүндө акындар шаардын сыймыгы Сулайман-Тоо, Ак-Буура дарыясы туурасында төгүп, кылым карыткан Ош шаарын даңазалап ырдашты. Комуз менен акындардын төгүп ырдашы бүтүндөй коомчулукту ынтымакка үндөп, басып өткөн кыргыз тарыхын урматтоого чакырык болду. Айтыш соңунда шаар мэри Айтмамат Кадырбаев сыйлыктарды тапшырды. Жыйынтыгында Амантай Кутманалиев менен Кара-Кулжа районунан келген акын Жыпара Арзымаматова алдынкы орунга жетишти", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Эске салсак, Ош шаарынын күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар 4-5-октябрь күндөрү өтөрү айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
05.10.2017. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу амантай авам карыбады,кай жерде ушу авам жургон болот,башка акындар жокпу Изат Жамайка Турат Асылбек Кубат Жылдызбектер, айтыш кылганга жараша жакшына уюштуруш кк да,эптебей. Айтыш деп эптемес акча болунсо кк буга да
05.10.2017. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бишкектен акындар барбаптыр го. же эмне алар чон байге коюлса ырдайбы. Акын деген адилетсиздикти коомго жар салып ырдачу эле... тымпыйып унчукпайт го бири да. Токтогул 5 каман деп ырдап журбоду беле тарыхта.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: