ЖЫЛНААМА, 5-ОКТЯБРЬ: "Apple Inc" корпорациясынын негиздөөчүсү, америкалык инженер Стив Жобс көз жумган
Стив Жобс өзүнүн өмүрүндө гениалдуу инноватордук таланты менен дүйнөнү өзгөрткөн 13 эркектин катарын толуктап, кийинки муунга мыкты үлгү катары тарыхта калган.
Америкалык инженер жана жеке ишкер, “Apple Inc” корпорациясынын негиздөөчүсү Стив Жобс 1955-жылы 24-февралда Калифорния штатынын Маунтин-Вью шаарында туулган. Кийин бул шаар дүйнөнүн эң акылдуулары чогулган микрокомпьютердик технология өндүрүшүнүн борбору болуп калган. Стивди жарык дүйнөгө алып келген ата-энеси аны ымыркай кезинде эле балдар үйүнө таштап кетишет. Ал жерден ымыркайды Пол жана Клара Жобс аттуу түгөйлөр багып алышкан.

Ал кичинекей кезинен чачын өстүрүп, өзү курактуу балдар менен көп сүйлөшкөндү жактырчу эмес. Жалгыздыкты жактырып, өзүнөн улуулар менен жакшы тил табышчу. 16 жашында электрониканы жакшы билип калган Стив өзүнөн 5 жаш улуу Стив Возняк менен таанышат. Кызыкчылыктары төп келишкен экөө бат эле тил табышат. Окууну аяктаган соң Жобс университетке тапшырып, бирок бир семестрден кийин эле окуусун таштап салат. Анын себебин 2005-жылы ал “менин колледждеги убактым текке кетти. Ата-энем өмүр бою чогулткан акчаны окуу үчүн короткум келген эмес” деп түшүндүргөн. Мына ушундан кийин гана ал технология дүйнөсүн түп-тамыры менен өзгөртүүгө аттанат.

Стив жыйырмага чыга электе буддизмге кызыгып, Индияга барып келет. Калифорнияга кайтып келген соң ошол кездеги эң алдынкы компьютердик оюндарды чыгарган “Атари” компаниясына ишке кирет. Бирок Возняк досу менен 1975-жылдан баштап жеке компьютерлерди чыгарууга бел байлайт. Алгачкы капиталды чогултуу үчүн экөө тең эң баалуу нерселерин сатып, Стив Жобстун гаражында иш башташат. Возняк чындыгында электроника тармагында гений болгон. Бирок көптөгөн адистердин айтымында, эгер Жобс болбосо анын ойлоп тапкан буюмдары текчеде эле чаң басып калмак.

Ошентип алар “Apple” компаниясын негиздеп, алгачкы “Apple-1” компьютерин чыгарышат. Стив токтобостон Возняктан "мындан да күчтүүрөөгүн ойлоп тап" деп өтүнөт. Возняк биринчисинен кыйла күчтүү “Apple-2ни” жасап чыгат. 1977-жылы элге тартууланган бул жаңы компьютер бардыгын таң калтырат. 1980-жылга чейин экөө 120 миңдей компьютер сатууга жетишет. Стив Жобс жеке компьютерлердин революциясын жасаган адам катары тарыхта калат. Көп өтпөй 1984-жылы ал рынокко жаңы компьютер – "Макинтошту" тартуулайт. Тилекке каршы, бир жылдан кийин сатуу абдан төмөндөп, “Apple” компаниясынын мүдүрлөр кеңеши Стив Жобсту жумуштан четтетүүнү чечишет.
Өзү негиздеген компаниядан чыгарылган инноватор “Apple'ден” тапкан акчасына “Некст” компаниясын ачат. Тилекке каршы, Стив ал компания менен ийгиликке жетише албайт. Анын кийинки кадамы анимация жаатындагы "Пиксар" компаниясын сатып алуу болот. Бул тармакта да көрүнүктүү өзгөртүүлөрдү жасап, өжөрлүгү менен миллиардер болууга жетишет. Ошол мезгилде “Apple” компаниясынын абалы абдан начарлап кетет. 1997-жылы Стив Жобс “Apple'га” кайра келет. Ал келери менен компаниянын иштөө системин иреттеп, таптакыр жаңы багытта иштеп, компаниянын эң негизги атаандашы "Майкрософттун" кожоюну Бил Гейтс менен кызматташа баштайт.

Анын биринчи кадамы жаңы iMac жеке компьютери менен башталат. Андан соң музыкалык ойнотуучу iPod дүйнөнү дүңгүрөтөт. Анын өзгөчөлүгү – өтө ыңгайлуу жана мурункулардан кыйла күчтүү болгондугу эле. 2007-жылы Стив дүйнөгө уюлдук телефондун жаңы муунун, тагыраак айтканда, iPhone`ду тартуулайт. iPhone`го бүткүл дүйнөнүн көңүлү бурулат. Ал эми кийинки кадам технологиялык рыноктон ноутбуктарды сүрүп чыгууга багытталат. 2010-жылы дүйнөгө iPad`ды сунуштайт. “Apple'дын” продукциялары дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан ордун табууга өтөт. Бул жаңы кадамдар технология тармагындагы революция катары бааланган.


Кийин ал компьютер боюнча кеңешчи Тина Редсе аттуу бийкечтин колун сурап, Стивдин катаал мүнөзүнөн улам Тина сунуштан баш тарткан.
1990-жылы банк кызматкери Лорен Пауэлл деген айым менен таанышат. Көп өтпөй Стив ага үйлөнүү сунушун киргизген. Бирок жаңы бизнести ишке ашыруу менен кызуу алектенип кеткен ишкер бул сунуш жана ашыгы тууралуу бир нече ай унутуп калган. Ага карабастан 1991-жылы алар баш кошушкан. Лорен Пауэлл менен Стив Жобс биргеликте 3 баланы тарбиялашкан. Көзү тирүү болсо инноватор бул жылы 62 жашта болмок.

5-октябрга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:21
2025-07-17
16:10
2025-07-17

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.