super.kg logo
  Саясат  

Өзбекстандын президенти Кыргыз-Өзбек чек арасы боюнча келишимге кол койду

 

Кечээ, 4-октябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Кыргыз-Өзбек чек арасы боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу 5-октябрда өзбек басылмалары жазып чыгышты.

Өзбекстан парламенти кечээ "Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын ортосундагы Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасы тууралуу келишимди ратификациялоо жөнүндө" мыйзамды кабыл алган эле.

Кыргыз парламенти аталган мыйзамды 28-сентябрда жактырган. Ал эми президент Алмазбек Атамбаев мыйзамга 2-октябрда кол койгон.

Эске салсак, быйыл 21-31-август күндөрү Кыргыз-Өзбек чек ара аймактарын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жумушчу топтору адегенде Бишкек шаарында, андан кийин Ташкент шаарында жолугушуп, чек ара аймактарын тактоо маселелери каралган.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жалпы чек ара тилкесинин басымдуу бөлүгү такталып, 5-сентябрда эки тараптуу келишимге кол коюлган. Макулдашуунун максаты Кыргыз-Өзбек ортосундагы мамлекеттик чек ара сызыгын аныктоо жана тактоо болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: