super.kg logo

Үй-бүлөлүк көйгөйлөрдү тамаша аркылуу чагылдырган "Бунт" кинокомедиясы жарык көрдү

 

Коомдо болуп жаткан үй-бүлөлүк мамиле маселелерин чагылдырган "Бунт" кинокомедиясы бүгүн, 5-октябрда Бишкектеги кинотеатрлардын биринде жабык эшик артында көрсөтүлдү.

Жаңыдан кино дүйнөсүнө аралашып келе жаткан тасманын жаратуучуларына пикирлерин айтып, фильмге назар салуу үчүн режиссёрлор Сүйүн Откеев, Бакыт Осмонканов жана кино сүйүүчүлөр келишти.

Тасманын максаты - турмушта болуп жаткан үй-бүлөлүк маселелерди юмор аркылуу баяндоо болгон. Окуя бир үй-бүлөнүн айланасында жүрүп, анда өзүнүн мүнөзү, жашоо образы менен бири-биринен айырмаланган 3 бир туугандын жубайлары жана ата-энеси менен болгон мамилеси камтылган.

Тасманын жаратуучуларынын айтымында, комедияны тартуу иштери жай айларында орозо убагында башталган: "Тасманы тартуу идеясы продюсерге таандык, ал эми сценарийди "тамашоучу" "No Name" командасынын балдары жазышкан. Сценарийди окуганда эле башкы ролдорду ким жаратарын дароо элестеттик. Менин оюмча, биз көздөгөн максатыбызга жетип, көрүүчүгө коомдо жана үй-бүлөдө болуп жаткан көйгөйлөрдү күлкү аркылуу жеткире алдык деп ойлойм", - дейт режиссёру Сапар Сайназаров.

Комедияда башкы ролдорду Максат Тасмаев, Гүлмира Турсунбаева, Айжамал Кабылова, Жакут Сыдыков, Мурат Жалиев аткарышкан.

Актёрлор фильмди тартуу учурундагы кызыктуу окуяларга токтоло кетишти. Айтымдарында, тасма тартылып жаткан үйдөгү ит тынымсыз үрө бергендиктен аны токтотуу үчүн ага улам-улам эт берип турушкан. Тартуу иштеринин аягында 1 ай эт жеген иттин бир топ эле багылып калганын байкашкан.

"Тасмага тартылып жаткан мезгилде өзүмдү голливуд жылдызындай элестеттим. Тартуу иштери мыкты деңгээлде өттү. Негизи өзүм тартылган тасмалардын бет ачар аземдерине катышпайм. Бирок бүгүн роль жараткан тасмамды биринчилерден болуп көрөйүн деп келдим", - деп билдирди актриса Гүлмира Турсунбаева.

"Бунт" тасмасы эртең, 6-октябрдан тартып Бишкек шаарындагы бардык кинотеатрлардан көрсөтүлө баштайт.






Кайнене жана анын келиндери "Бунт" чыгарышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
05.10.2017. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
көрүш керек экен жакшы кино болуш керек
05.10.2017. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келиндер козголону деген спектакль бар беле озьектерлин ошонун эле эгизиндей сезилди. Идея ошояктан чыккан
08.10.2017. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AKCAHAT,Идея ошол жактан чыкпаса да бул корунуш жашоодо болуп эле келген.
05.10.2017. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эми аны биз рфдагылар 2019 жылы корсок керек...
ушинтип кино чыкканын угуп кала беребиз интернетке эч беришпейт..
Мисалы баякы Курут деген кино чыкканына канча болду дагы эле жашырып отурушат... Доктор Айболоттон кийин кино деле кутпой койдум. ...
08.10.2017. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bek_abad,Кино озун актаган сон _анан чыгышы мумкун инетке...
05.10.2017. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Балдар тетииик,айттымго зынк болот деп
Медиа-портал
06.10.2017. 04:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бул озбекче энди дадам бойдак деген киного окшош го,коруп ичим эзилип калган озбекчесин коруп
Медиа-портал
09.10.2017. 03:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Начар коммент жазгандар "Общий жоголгула"!))))
Медиа-портал
09.10.2017. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кино болуптур! Көрүп келсеңер болот!
Медиа-портал
09.10.2017. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сапардын киносу болсо жакшы чыгат
Медиа-портал
10.10.2017. 04:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сапар ака ишинизге ийгилик!Женем менен бактылуу болун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: