Бажы кызматы: "9 айдын ичинде бажы төлөмдөрүн чогултуу планы 101 пайызга аткарылды"
2017-жылдын 9 айынын ичинде 24 миллиард 300 миллион сом көлөмүндө бажы төлөмдөрү чогултулду. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, муну менен план 101 пайызга аткарылып, күтүлгөн суммадан 246 миллион сомго көбүрөөк түштү. Былтыркы жылдын 9 айынын көрсөткүчүнө салыштырмалуу быйыл 3 миллиард 1 миллион сомго көбүрөөк чогултулду.
2012-2017-жылдардагы 9 айдын ичинде чогултулган бажы төлөмдөрүнүн көлөмдөрү:
2012-жылы 12,1 миллиард сом,
2013-жылы 14,6 миллиард сом,
2014-жылы 15 миллиард сом,
2015-жылы 13 миллиард сом,
2016-жылы 21,2 миллиард сом.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
-2

Темага тиешеси жок билдирүүлөрдү калтыра бербеңиз!
Ким ишенет бул жомокко?!!!
Бул бийликтин ЖОМОГУ!!! "Одоктору"......