КМШга мүчө өлкөлөрдүн башчылары 11-октябрда Сочиде жолугушат
Сочиде 11-октябрда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин башчылары жолугушат. КМШнын аткаруу комитетинин билдиришинче, уюмдун алкагында мындан аркы кызматташтыкка тийиштүү маселелер каралат.
Тар форматтагы отурумда КМШ алкагындагы өз ара кызматташтык, шериктештикке төрагалык кылуу жөнүндө, КМШга мүчө мамлекеттердин башчылары кеӊешинин кийинки отуруму өтүүчү жерди жана датаны аныктоо жаатында пикир алышуу болору күтүлүүдө.
Ал эми кеӊейтилген форматтагы жыйында экономика, маданий-гуманитардык тармакта, коргоо саясаты, чек араларды кайтаруу, терроризмге каршы күрөшүү жаатындагы маселелер талкууланат. Уюмду жаӊы чакырыктарга ыӊгайлаштырууга багытталган бир катар долбоорлор каралары айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

