Сот журналист менен маалымат агенттигин талапкер Жээнбековдун пайдасына 10 миллион сом айыпка жыкты
Журналист Кабай Карабеков 5 миллион сом жана 24.кг маалымат агенттиги 5 миллион сом КСДП партиясынан президентикке талапкер Сооронбай Жээнбековго төлөп бериши керек. Мындай чечимди бүгүн, 5-октябрда Бишкектеги Свердлов райондук соту чыгарды.
Жээнбековдун сотко бергенине 11-сентябрда аталган агенттикке президент Алмазбек Атамбаевдин Сочиге барганы боюнча "Сочиге сапар. Кремлге мураскердин артыкчылыгын кайра түшүндүрүп жатышат" деген макаланы жарыялаганы себеп болгон. Анда Москва тарапты "ага-ини Жээнбековдордун радикалдуу араб уюмдары менен тыгыз байланышы бар болушу мүмкүн" деген Кыргыз жана Орус атайын кызматтары берген маалымат тынчын алып жатканы тууралуу жазылган.
Карабеков билдиргендей, аталган макала Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен өчүртүлгөн. Моралдык зыян катары Кабай Карабеков менен 24.кг агенттигинен беш миллион сомдон өндүрүү талап кылынган.


.Бабанов эле дейсинер да?Бабанов ким экенин кордунорго?Же таалаалап журуп ушул мекенинде жашап атыпда жун баштарга окшогондордун создорун унуттунарбы?Оздорун как будто Кыргызстандык кылып алат. Бабанов болсо ХХХХ коросунор
Жээнбеков да, Бабанов да ХХХХ!!! Экоонун тен колунан жакшылык келбейт!!! Бул экоону шайлагандар, оз келечегине балта чапкандар!!!
Сооронбайдын заманы болот окшойт кайран элим шорубуз көп окшойт