super.kg logo

Бишкекте курулуп жаткан эң чоң мечитке кимдин ысымы берилери белгилүү болду

 

Бишкекте курулуп жаткан эң чоң мечитке дин аалымы, имам Сарахсийдин ысымы берилет. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда Кыргыз мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Түркия элчисинин дин иштери боюнча кеңешчиси Шемсуддин Үнал менен Кыргыз муфтийи Максатбек Токтомушев жолугушуп, Бишкек шаарында курулуп жаткан Орто Азиядагы ири мечиттин иштөө тартиби боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун талкуулашкан.

"Эки тараптуу жолугушуунун алкагында Орто Азиядагы ири мечит болгондуктан ага республикалык борбордук мечит макамы берилип, бул боюнча тиешелүү документтер иштелип чыкмакчы. Ал эми муфтий Максатбек Токтомушев мечитке улуу дин аалымы, имам Сарахсийдин ысымын ыйгаруу боюнча сунушун берип, тараптар бул боюнча бир пикирге келишти. Ошондой эле Кыргыз мусулмандарынын дин башкармалыгынын алдында Ислам изилдөө борборунун курулары туурасында сөз болуп, ал заманбап технологиялар, электрондук системалар менен жабдылып, окутуу иштери, семинарлар жана тренингдер өтүп, диний баалуулуктарды изилдөөчү борбор болуп калары белгилүү болду", - деп билдиришти муфтияттан.

Айта кетсек, Абу Бакр бин Мухаммад бин Ахмад бин Аби Сахл Ас Сарахси Ислам дининдеги Ханафий мазхабы жана фикх илими жөнүндөгү бир нече китептерди жазган атактуу ислам аалымы болгон. Айрым тарыхый булактардагы маалыматтар боюнча ал 1090-жылдары жашап өткөн. Имам Сарахси Караханид мамлекетинин Марв (Мерв) жана Найсапур (Нишапур) шаарларынын ортосунда жайгашкан Сарахс деген жерде төрөлгөндүгү үчүн өз атына жердигин билдирип турган “Сарахси” (сарахстык) сөзү кошулуп айтылып калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 9 
Комментарийлер(1)
07.10.2017. 03:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ото жакшы атына заты жарашкан мечит болсун. Аллахым ушундай чон мечиттерде 10мин адамдар менен бир жамаатта намаз окуп Алланын буйругун аткарууну Алла озу баарыбызга насип кылсын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: