super.kg logo

Түндүк электр ишканасы: "Бишкекте оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүүлөр болууда"

 

Бишкек шаарында жана калаанын жаңы конуштарында кыш мезгилине карата оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыктан электр тогу маал-маалы менен өчүрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда “Түндүк электр” Ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.

"Күз-кыш мезгилинде жашоочулардын үйүндө электр тогу өчпөсү үчүн жазында даярдык көрүлүп, оңдоо иштери жүргүзүлүп баштайт. Керектүү бөлүктү оңдоо үчүн шаардын айрым бөлүктөрүндө электр тогу өчүрүлүп турат. Электр жарыгын өчүрүү саат 9:00дөн 17:00дүн аралыгында болот. Айрым жерлерде 1-2 сааттан 4-5 саатка чейин созулуусу мүмкүн. План боюнча оңдоп-түзөө иштери ноябрь айынын аягына чейин аяктайт. Андан соң кооптуу абал болбосо жарык өчүрүлбөйт. Кечээ, 5-октябрда Жал кичи районунда подстанция күйүп, учурда оңдоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу Юрий Гагарин, Чыңгыз Айтматов, Дооронбек Садырбаев, Иса Ахунбаев көчөлөрү менен чектелген аймактарда жана Жал кичи районунун айрым жерлеринде убактылуу жарык жок", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Эске салсак, кечээ, 5-октябрда саат 17:32лер чамасында Жал кичи районундагы "Айни" подстанциясында өрт чыккан. Өрттүн келип чыгышына электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу себеп болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
06.10.2017. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Күз-кыш мезгилинде жашоочулардын үйүндө электр тогу өчпөсү үчүн жазында даярдык көрүлүп, оңдоо иштери жүргүзүлүп баштайт.
https://www.super.kg/kabar/news/204527/
дейт го, капырай, азыр күз го!
06.10.2017. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Зима не будет болгон окшойт да бул жагы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: