Ноокенде Өмүрбек Бабановдун үгүт баннерлерин экинчи ирет айрып кетишти




6-октябрга караган түнү президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда илинген үгүт баннерлери белгисиз адамдар тарабынан айрылган. Бул тууралуу SUPER.KG`ге талапкердин Ноокен районундагы штабынын башчысы Аскарбек Шерматов билдирди.
"Масы айыл аймагында илинген 4 үгүт баннери белгисиз адамдар тарабынан айрылыптыр. Бул атайын жасалган иш. Биз райондук милицияга бул боюнча арыз менен кайрылдык. Буга чейин бир жума мурун эле ушундай окуя болуп, ушул эле райондон биздин эки баннерди айрып кетишкен болчу. Анда да биз милицияга кайрылганбыз. Бирок милиция бул боюнча бизге маалымат да, жооп да бере элек", - деди Шерматов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
6

Так даана сөзду тизгиндеп кес айтып чындыкты сүйлөгөн жалгыз Мадумаров!