super.kg logo
  Саясат  

Өзбекстандын президенти элге "Манасты" окуп чыгууну сунуштады

 

Кыргыздын "Манас" эпосу Өзбекстанда өзбек тилинде биринчи жолу басылып чыкты. Китептин биринчи экземплярын Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзийоев 5-октябрда президент Алмазбек Атамбаевге белекке берди.

Мирзийоев бардык жарандарды "Манас" эпосун окуп чыгууга чакырды.

"Мен баарыӊарга окуп чыгууну сунуштайм. Бул эпос "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген. Эгерде жакшылап окуп чыксаӊ "Манас" эпосунун тарыхын, жалпы эле Кыргыз мамлекетинин тарыхын тереӊден билесиӊ. Мен муну көп жолу окуп чыктым жана бул китепти өзбек тилинде басып чыгаруу өзбек эли үчүн пайдалуу болорун түшүндүм. Бул биздин элибизге белек болот", - деди Мирзийоев.

Алмазбек Атамбаев 2010-жылы Кыргыз жеринде улуттар аралык козголоӊдо "Манас" эпосу ага абдан жардам бергенин белгиледи. "Курама жыйып журт кылдым". Бул улуу Манастын сөзү", - деди Кыргыз президенти.

Алмазбек Атамбаевдин Ташкенттеги мамлекеттик иш сапары уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 13 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: