Шайлоодо колдонула турган урналар көрсөтүлдү (фото)



Бүгүн, 6-октябрда Бишкекте президенттик шайлоого арналган тегерек стол өтүүдө. Анда бюллетендер салына турган автоматташтырылган урналар көрсөтүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө айрым катышуучулар урнанын айнегинен шайлоочу кимге добуш берип жатканы көрүнбөгөнүнөн күмөн санады.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова добуш берүүнүн жашыруундуулугун сактоо комиссиянын башкы милдети экенин айтты. Эч ким шайлоочунун добуш берүү жыйынтыгын алдын ала биле албай турганын эскертти.
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев күмөн санаган адамдарга бул боюнча текшерип көрүүнү сунуштады. Буга байланыштуу ортого урна алып келинип текшерилди. Шайлоочу кимге добуш бергени айнектен эч кимге көрүнбөгөнү байкалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:28
2025-07-17
16:21
2025-07-17
16:10
2025-07-17

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
medetbek

07.10.2017. 03:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыйратасынар
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.