super.kg logo

Бишкекте өтүп жаткан Өзбек маданиятынын күндөрү концерт, кино, көргөзмөлөр менен коштолууда

 

Эки элдин достугун бекемдөөнү максат кылган Кыргыз өлкөсүндөгү Өзбек маданиятынын күндөрү бүгүн, 6-октябрда Бишкекте башталды.

Иш-чара "Октябрь" кинотеатрында өзбектердин "Ойкыз эртаги" деп аталган фантастикалык киносун көрсөтүү менен башталды.

Андан соң салтанат Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өзбек өнөрпоздору тартуулаган концерт менен уланды. Концертте Өзбекстандын эстрада жылдыздары Д.Бекмуродова, Ш.Озатова, А.Эргашева, Х.Каримова, Б.Мирзаева, Х.Юлдашева, Ш.Холмирзаева, Ю.Абдуллаева, Ф.Алимова, И.Аблакулова Э.Файзиева жана бийчилери өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Өз сөзүндө маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков кыргыз-өзбек мамилелери азыркы тапта жаңы деңгээлге чыгып жаткандыгын белгиледи.

"Эки элдин достугу байыркы мезгилден башталып, азыркы убакка чейин сакталып келет. Бүгүнкү өтүп жаткан иш-чара да элдердин достугун дагы да болсо бекемдеп, жогорулатууга өбөлгө түзүүдө", - деп билдирди министр.

Ошондой эле Кыргыз өлкөсүндөгү Өзбекстандын ыйгарым укуктуу өкүлү Камил Рашидов бул иш-чаралар эки элдин ынтымагын бекемдөө үчүн уюштурулуп жаткандыгын айтып, мындан кийин эки өлкөнүн саясий гана эмес маданий алакасы да тыгыз байланышта болорун билдирди.

Мындан сырткары филармониянын залында "Өзбек өңү: мурун жана азыркы мезгил" аталыштагы көргөзмө уюштурулган. Көргөзмөгө коюлган сүрөттөрдө өзбек элинин өткөн турмушу жана азыркы күндөрү чагылдырылган.

Өзбек маданиятынын күндөрү 7-октябрда Ош шаарында уланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
07.10.2017. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
козлариндаааааан лака лака дум-пооо
07.10.2017. 03:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулбу эже Ороскул кызы каза болгонун неге жазбайсынар?
Жаткан жери жайлуу болсун,абдан окунучтуу...
07.10.2017. 07:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
surgeon777, жазылган http://www.super.kg/mobile/kabar/news/204605/
07.10.2017. 08:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Юлдуз Усманова эжебиз жокко, кыргызстанга кире албайт ал XXXX
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-07 20:31:15
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: