super.kg logo

Кулов депутаттардын үгүт иштерине катышып жатканына нааразы

 

“Таза шайлоо үчүн” жарандык кыймылы бүгүн жыйынтыктоочу маалымат жыйынын өткөрдү. Анда экс-депутат Феликс Кулов үгүт иштеринде административдик ресурстарга жол берилип жатканын айтып, депутаттардын үгүт иштерине катышып жатканы мыйзамсыз экенин айтты.

Биз эч бир талапкерди колдобойбуз. Биз таза шайлоону жана таза шайланган талапкерди колдойбуз. Тилекке каршы, административдик ресурстардын активдүү колдонулуп жатканын көрүп жатабыз.

Ал тургай биздин колубузга жооптуу кызматкерлердин тизмеси түзүлгөн бийлик талапкерин шайлоого карата даярдалган документтер түштү. Үгүт иштерине катышкан аткаминерлерге да башкаларга үлгү боло тургандай жетиштүү чаралар көрүлбөй жатат. Шайлоо алдында каникулга кетип калган Жогорку Кеңештин депутаттарынын үгүт иштерине кийлигишүүсү да суроо жаратат. Депутаттар эл тарабынан шайланган болсо да, мамлекеттик кызматкер катары шайлоо иштерине киришүүсүнө болбойт”, - деди Кулов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.10.2017. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гана эми ушу сизди угуп калса
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: