super.kg logo

Мырзалардын 70 пайызы жылмайып жүргөн айымдарды жактырат. Жылмаюу тууралуу кызыктуу фактылар

 

Жылмаюу - жакшы маанайдын башаты. Жакшы маанай - жумуштун ийгиликтүү аткарылышына өбөлгө боло алат. Муну менен катар ал адамдын өмүрүн узартат. Окумуштуулардын жылмаюу жөнүндөгү изилдөөлөрүндө кызыктуу фактылар аныкталган. Алардын айрымдары төмөндөгүлөр:

1. Балдар чоң адамдарга караганда 20 эсеге көп күлөт. Изилдөөлөр жай турмушта жашаган бала күнүнө 300 жолу жылмайганын аныкташкан.

2. Аялдар эркектерге караганда көбүрөөк жылмаят. Окумуштуулар мунун себебин аялдардын эмоционалдуулугу менен байланыштырышат.

3. Мырзалар жылмайып жүрүү - аялдарга сулуулук кошорун билдиришкен. Изилдөө иштеринин жүрүшүндө мырзаларга кыздардын боёнуп, жасанып, бирок күлбөй түшкөн сүрөттөрү менен боёксуз жылмайган кыздардын сүрөттөрүн көрсөтүшкөн. Сурамжылоого катышкан эркектердин 70 пайызы боёксуз, жылмайган айымдарды сулуу деп табышкан.

4. Жылмаюу - жаак булчуңдарын машыктырат. Жаак булчуңдары да башка булчуңдар сыяктуу көнүгүүлөргө муктаж болгондуктан жылмаюу - пайдалуу. Адам жылмайганда 5тен 53кө чейинки булчуңдары бир убакытта иштейт.

5. Жылмаюу - бул жугуштуу. Шведдик окумуштуулардын жүргүзгөн экспериментинин натыйжасына ылайык, биз жылмайган адамды көргөндө өзүбүз да жылмая баштайбыз. Адамдын организми жылмаюуга реакция бере тургандай түзүлгөн.

6. Жылмаюу - депрессияга каршы мыкты каражат. Адам жылмайган учурда анын организминде эндорфиндер иштелип чыгат, ал адамдын маанайын көтөрөт. Бактылуулуктун гормондору биз өзүбүздү мажбурлап күлгөн кезде да иштелип чыгат.

7. Жылмаюу - иммунитетти бекемдейт. Күлкүдөн кийин жана күлүп жаткан учурдагы жакшы сезимдер физикалык абалга таасир этип, адамдын ден соолугун бекемдейт.

8. Адам түйүлдүк кезинен баштап эле жылмая баштайт.

10. Америкалык психолог Пол Экман жылмаюунун 18 түрүн аныктаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(8)
06.10.2017. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эн жакшы
06.10.2017. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жылмаю баардык инсанга көрк кошот.
06.10.2017. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бирок мен тушунбойм эч бизде эмнеге элдер такыр жылмайышпайт? СНГ мурунку поссоветтик олколордо жылмайуу жо тушунук жок.Кочодо коомдук жайларда бейтааныш адамга жылмайсан "жиндиго" деп эле кабыл алышат.Базарбы,транспортпу кабагы салынып,мурчуйуп,тийип кеткен адамды жеп салайын деген,жини келип басып жургон нервныйлар.Жылмайуу мн кучакташуу(обнимашка) стресстен эн жакшы терапия.Конул которулуп бир аз болсо да поддержканы сезип каласын.
06.10.2017. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Балдарга го тушунсо болот а кыздарга не жок маршурткага тушкондо байкап калам кыздарды кабагына кар жаайт тимеле кыз кишиге таптакыр жарашпайткен коруп алып ностренние болуп кеттим.
06.10.2017. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Достук жылмаюудан башталат.
06.10.2017. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жылмаюу - бул Суннот!
07.10.2017. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азыркы заманда эми жылмайып кулойун десен кридит эске тушот эки кабак биригип ушкурунуп каяка кетип жаткпнын дагы билбей кете бересин.
эми жылмайып кулойун десен дагы бир проблема анан кулку кайда думройуп журо бересин....туура
08.10.2017. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alikgz, Сойдунго сойдун ))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: