super.kg logo

Эмилбек Каптагаев коомдо шайлоонун таза өтөрүнө шектенүүлөр, кооптонуулар бар экенин айтты

 

Бүгүн, 6-октябрда "Таза шайлоо үчүн" кыймылы жыйынтыктоочу маалымат жыйынын уюштуруп, шайлоо алдындагы үгүт иштеринде жаралган маселелер боюнча маалымат берди. Кыймылдын мүчөсү Эмилбек Каптагаев шайлоо системинде добуш берүүнүн жабыктыгы сакталарын түшүндүрдү.

"Биз электрондук шайлоо системин бет ачарына катышып, бүт иштөө этаптары менен таанышып чыктык. Калыстык үчүн айтыш керек, парламенттик шайлоодогу, андан кийинки шайлоолордогу мүчүлүштүктөр жоюлуптур.

Коомчулук таза шайлоого үмүт артып келе жатабыз. Бирок шектенүүлөр, кооптонуулар дагы деле бар. Анткени бийлик тараптагылар бийлик тарапка, башкасы башка тарапка добуш берсеңер билип коёбуз деп шайлоочуларды өздөрү каалаган талапкерге добуш бердирүүнү каалап жатышат. Добуш берүүнүн жабыктыгы, электрондук добуш берүүдө сыр болот. Ар бир жаран өзүнүн жүрөгүнө, идеясына жакын адамды шайлап алышы керек”, - деди Каптагаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: