Бишкекте "Эмгек мигрантынын маалымат китепчеси" жарык көрдү

29-майда Бишкекте “Эмгек мигрантынын маалымат китепчеси" аттуу китептин бет ачары болот. Бул тууралуу “Замандаш” ассоциациясынын маалымат кызматы билдирди. Маалымат китепчеси кыргыз жана орус тилдеринде жазылып, Кыргызстандан Орусияга бара жаткан эмгек мигранттарынын жашоосун жеңилдетүүгө багытталган. Анда Орусиянын миграциялык жана ишке орношуу мыйзамдары, убактылуу катталуу үчүн керектүү документтердин тизмеги, жумушка орношуу үчүн уруксат алуунун жолдору, Орусиядагы чет элдик жарандар үчүн эрежелер жана мыйзамдар камтылган. Ошондой эле Орусиянын аймактарындагы жана шаарларындагы зарыл болгон кызматтардын даректери жана байланыш телефондору дагы бар. Китепче аталган ассоциациянын демилгеси менен жарык көрдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

