super.kg logo

СУПЕРСТАН: "ВВ крем - бул беттеги ашыкча бырыш, чекит, тактарды жашырып туруучу тоналдык крем"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "ВВ крем" деген тема талкууга алынган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Азияда кеңири таралган "хит" кремдердин бири ВВ крем. Биринчи жолу Германияда чыгарылган. ВВ крем - бул беттеги ашыкча бырыш, чекит, тактарды жашырып туруучу тоналдык крем. Анын жардамы менен бетти идеалдуу түскө келтирсе болот. Күндө колдонсо да болот".

"Тоналдык крем, бирок тоналдык кремдей бетти бузбай, тескерисинче, дарылайт, кам көрөт. Жөнөкөй суу, самынга кетпейт, атайын өзүнүн кетиргич каражат майы бар. Тоналдык кремдин артыкчылыгы - дээрлик бардык түс териге түспөлдөшүп, "отура" берет. Сүйкөгөн, сүйкөлбөгөнү билинбейт, бирок теринин "майда-чүйдөсүн" жакшы жашырат".

"Mizon ВВ кремин колдондум, аябай жакты, жайында күндүн ультранурларынан да сактайт. Үнөмдүү да экен, бир тюбик 1,5 жыл болсо да түгөнө элек".

"BB жана бетке кам көрүү жагынан Корея алдынкы орунда турат. Биз дагы азиаттарга киргендиктен Кореяныкы, европалыктарга Garnier көбүрөөк туура келет. Кореяныкынан Missha'да 2 тон бар, башкаларда көбүнчө 1 эле тон, бетиңизге сүйкөлгөн соң бет териңиздин өңүнө өзү ылайыкташып өтүп кетет. Беттеги тактардын азыраак көрүнүшү үчүн консилер колдонуу туура. Аны азырынча ала албасаңыз ВВ кремди үстү-үстүнө акырын сыйпоо менен өзүңүз каалагандай калыпка келтирип, сүйкөп алсаңыз болот".

"CC крем көбүнчө ак түстө, жеңил текстурада болот. Аны көздүн астына консилер катары да колдонсоңуз болот. Макияж жасоодо CC кремди алгач коюу керек, ал бетти тегиздейт, андан соң эгер кааласаңыз анын үстүнөн BB крем коюп койсоңуз болот. BB кремдин жакшысын алсаңыз беттеги кемчиликтерди башка тоналдык кремге салыштырмалуу тегиз жашырып турат".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
06.10.2017. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул айымдар үчүн ганабы?
06.10.2017. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсыл жерден алса болот баасы канча кыздар шото мен кызыгып калдым.
06.10.2017. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баасы ар кандай фирмасына карап . Жакшылары кымбатыраак 400 дон башталат.Любая парфюмерия саткан жерде бар.
06.10.2017. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Корейский тональный кремдер жакшы мисалы;миша,мизон,секрет кей ж.б. Мен мизондун кремдерин,своротка пудрасын,мишанын тушь помадасын колдоном.
07.10.2017. 03:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шпакловка
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: