Гүлбү Ороскул кызынын сөөгү эртең жерге берилет

Ырчы Гүлбү Ороскул кызынын сөөгү эртең, 8-октябрда жерге берилет. Коштошуу зыйнаты эртең мененки саат 10:00дө Бишкектеги Беш-Күнгөй айылында өтөт.
"Кыз-жигит сармерден" берүүсүнүн режиссёру Сагын Ниязалиева билдиргендей, ырчы 6-октябрда өзүн жаман сезип, эртең мененки саат 07:00дөр чамасында "Тез жардам" кызматы чакырылган. Кызмат көрсөтүлгөн соң ырчы үйүндө калган. Андан кийин Гүлбү Ороскул кызы өзүн кайрадан жаман сезип жатканын билдирип, "Тез жардам" кызматы кайрадан чакыртылган. Бирок "Тез жардам" келгенге чейин саат 14:00дөр чамасында көз жумган.
Жакында эле небере жытын искеген ырчы 2 кыздын энеси. Төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин мурдагы жубайы. "Балама", "Арзуу", "Мажүрүм тал", "Менин өмүр жазым", "Агылам сага" жана башка ырлары менен белгилүү болгон Ороскул кызы 2015-жылдан бери КТРКдагы "Кыз-жигит сармерден" берүүсүнүн алып баруучусу болуп эмгектенип келген.


Үй-бүлөсүнө, жакындарына сабыр берсин.
Аттин жапжаш нерсе бул дуйно менен кош айтышыптыр,жаткан жери жайлуу болсун....Жакындарына конул айтам.
Сармердендин алып баруучулары жапжаш бойдон кеттиго катары менен...Коз тийди
Келген тез жардам кызматы кандай диагноз коюп кетишкен экен?
Анан экинчи жолу тез жардам келгиче 14:00 каза болсо,соогун эмнеге моргго алып барып ташташты?
Бул жерде бир сыр бар!!!
Жон эле жылан чакпай,жылкы теппей отуп кеттиби?
Урматтуу супер инфо тактап берсениздер сиздерден сураныч.