Ильяз Андаштын “Кетпе башкага” аттуу ыры жарык көрдү

Ырчы Ильяз Андаштын “Кетпе башкага” аттуу жаңы ыры жарык көрдү. Ырдын сөзү Алтынбек Алымовго, обону Ильяздын өзүнө таандык. "Ырда кыздардын кылыгы тууралуу айтылат",- дейт ырчы мырза. Ырчы билдиргендей, учурда аталган чыгармага клип тартуу иштери башталган. “Буюрса мамлекеттик сынактарды ийгиликтүү тапшырып алып, андан соң клипти соңуна чыгарам”,- дейт Андаш. Белгилей кетсек, ырчы мырза быйыл Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктоо алдында. Учурда мамлекеттик сынактарды тапшырып жүргөн кези.
Кыстарылган аудио
Ильяз Андаш "Кетпе башкага"
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
4

Аяп мени суранамын кетпе башкага.))) Бул мырзанын ырларынын стили окшош кобунчо бири-бирине.
Жакты, создору жакшы экен.