super.kg logo
  Саясат  

"Темир Сариев жана казак ишкердин сүйлөшүүсү" деген аудио интернетке тарады

 

Кыргыз Республикасынын президенттик кызматына талапкер Темир Сариев жана казакстандык ишкер Булат Утемуратовго үндөрү окшош адамдардын телефон аркылуу сүйлөшүүсү интернетке жарыяланды. Бул тууралуу маалымат "Азаттык радиосунун" сайтына чыкты.

Ал маалыматта үнү Сариевге окшош адам казак ишкери менен жолугууну демилгелеп, ал тараптан тийиштүү деңгээлде жардам берилбей жатканын айтканы айтылат. Сүйлөшүү ушул жылдын 22-сентябрында болгону белгиленүүдө.

Ошондой эле алар дагы эки жолу сүйлөшүшкөнү маалымдалат: биринчисинде 24-сентябрь күнү Алматы шаарында жолугушуу тууралуу жана 27-сентябрь күнү Сариевге үнү окшош адам Кыргыз жергесине келип коңшу өлкөдөгү казак ишкери менен сүйлөшкөнү айтылат.

Андан сырткары аталган маалыматта Булат Утемуратов Казакстандын Теннис федерациясынын президенти экени, буга чейин Казакстандын президентинин кеңешчиси болгону жана 2016-жылы Казакстандын 50 бай ишкердин көч башында турганы айтылат.

Бул маселе боюнча Темир Сариевдин штабына байланышканыбызда, учурда аталган телефон сүйлөшүү тууралуу жооп даярдалып жатканын айтышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: