super.kg logo

Ырчы Гүлбү Ороскул кызынын өлүмүнүн себеби айтылды

 

Ырчы Гүлбү Ороскул кызы ичине кан толуп каза болгон. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына Ороскул кызы алып барган "Кыз жигит сармерден" телеберүүсүнүн режиссёру Сагын Ниязалиева билдирди.

Анын айтымында, медициналык экспертизанын алдын ала берилген жыйынтыктары боюнча ырчынын өлүмүнө ашказан оорусу себеп болуп, ичине кан толуп кеткен.

"Азыркы тапта Гүлбүнүн денесин үйүнө алып келишти, жүргүзүлгөн экспертизанын алдын ала айтылган жыйынтыктарына ылайык ырчынын ичине кан куюлуп кеткен. Бизге "внутреннее кровоизлияние" деп айтышты", - дейт режиссёр.

Адистердин айтымында, өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн дагы убакыт талап кылынат.

Эске салсак, эстрада жана фольклор ырчысы кечээ, 6-октябрда көз жумду. Ал эртең менен ооругандыгына байланыштуу "Тез жардам" кызматы чакырылган. Медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин "Тез жардам" кетип, ырчы үйүндө калган. Бирок саат 14:00дөр чамасында ырчы өзүн дагы жаман сезип, кайрадан "Тез жардам" чакыртылган. "Тез жардам" кызматы келгенге чейин Ороскул кызы дүйнөдөн кайткан. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 8-октябрда Бишкек шаарындагы Беш-Күнгөй айылында өтөт.

Гүлбү Ороскул кызы Аксы районунун Авлетим айылында 1976-жылы 1-ноябрда туулган. М.Күрөӊкеев атындагы музыкалык окуу жайды жана Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүргөн.

Жакында эле небере жытын искеген ырчы 2 кыздын энеси. Төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин мурдагы жубайы. "Балама", "Арзуу", "Мажүрүм тал", "Менин өмүр жазым", "Агылам сага" жана башка ырлары менен белгилүү болгон Ороскул кызы 2015-жылдан бери КТРКдагы "Кыз-жигит сармерден" берүүсүнүн алып баруучусу болуп эмгектенип келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(14)
07.10.2017. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Жаткан жери жайлуу, топкурагы торко болсун.
07.10.2017. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Арты кайрылуу болсун
07.10.2017. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Сулуусу элен кыздардын Гулбу. Сыймыгы элен кыргыздын Гулбу.Асылы элен ууздардын Гулбу. Жарыгы элен жылдыздын Гулбу. Улгусу элен кыздардын Гулбу. Кузгусу элен кыздардын Гулбу...аттин ай
07.10.2017. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жаткан жери жайлуу болсун
07.10.2017. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эми жаткан жери жайлуу болсун..
Кыздарына сабр берсин Аллах. Эн кыйыны кичине кызына болсо керек((
07.10.2017. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыз жигитти алып барган биринчи эжебизден айрылдык. Мына эми экинчи эжебизден айрылып жатабыз. Жаткан жери жайлуу болсун. Бала чакасына сабыр берсин. Жакын адамды жоготкон кандай жаман.
07.10.2017. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун жакыдарына конул айтамын
07.10.2017. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Саомердендин шайыр денелерине эмне коз тийдиби. Экоо тен 41 жагында жумурай жутту таштап кете беришти. Калын эл силерди жоктоп кала берди. Аттин ай эмне мыгча сулуулардын омуру кыска болот.... арман дунуйо....жайы жаннаттан орун алсын шайыр женебиздин....
07.10.2017. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аттин ай апчи жаткан жериниз жайлуу болсун жаркырап кыргыз элимдин сыймыгы болчусуз ото окунуп турам мындай суук кабарды угуп оз кулагыма ишене албай
Сарболот кызы озумдун апчим деп мактанып турчумун аттин аттин мына эми небере жытын жыттап ошонун бал тилине тойбой турган мезгилинизде бул дуйно менен кош айтышып кетебердиз
08.10.2017. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эмне учун тан эртен менен чакырылган тез жардам унаасы Гулбуну ооруканага алып кетишкен жок, качанга чеин биз ишенген догдурлар кайдыгер карашат, эмне учун адамдын омуру менен ойношот? Ушул суроолорго ким жооп берет, медиктерди жоопко тарткан мыйзам качан иштейт бизде. Кыргыз шоу дуйносундо чон жоготуу болду. Апасына жакындарына терен конул айтам. Сулуу жуздуу келин элен жаткан жерин жайлуу болсун Аллахым беишине алсын.
08.10.2017. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Клиптерин коруп чыктым ырларын уктум козумон аргасыз жаш куюлду. Эми сизди ушинти ырларыныз менен клиптеринизден гана коробузбу? Ээхх чиркин жакшылар ушинтип оо дуйного кете беришет экенда. Айла жок экен .
08.10.2017. 04:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчи тез жардам эмнеге алып кетпей кетип калат? Ишин так аткарбаган демек суралсын.
08.10.2017. 04:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арманда кетти бир ак куу
08.10.2017. 05:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш көз эле тийди болуш керек, адамдын көзү ташты сындырат дешетко
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: