super.kg logo
  Саясат  

ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин көчмө жыйыны өтүп, кино тармагындагы көйгөйлөр талкууланды

 
Белгилүү режиссёр Т.Океевге арналып мемориалдык тактай ачылды
"Курманжан Датка" көркөм тасмасына тартылган араба
Экскурсия учурунда мурда кинематографияда колдонулган техникалар көрсөтүлдү
Төлөмүш Океевдин дубалга илинген сүрөтү
Экскурсиянын катышуучулары
Тасма тартууда колдонулган мылтык
Маданият кызматкерлеринин сыйлыктары
Экскурсия учурунан
Кинематографисттер биримдигинин төрагасы Садык Шер-Нияз менен каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев
Экскурсия учурунан
"Курманжан Датка" көркөм тасмасындагы актёрлордун кийимдери
Кинорежиссёр жана коомдук ишмер, маркум Дооронбек Садырбаевди бир мүнөттүк эскерүү болду
Жыйын учурунан
Жыйын учурунан

Бүгүн, 28-майда Бишкектеги Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” киностудиясында ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин “КРнын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө” мыйзамдын аткарылышын талкуулаган көчмө жыйыны болуп өттү. Иш-чара алгач Т.Океевге арналган мемориалдык тактайдын ачылышы менен башталды. Андан соң жыйынга келген депутаттар менен маданият кызматкерлери киностудия ичинде кыска экскурсия жасашты. Ал эми жыйын учурунда кыргыз кинематографиясынын жаралышынан баштап бүгүнкү күнгө чейинки абалы кызуу талкууга алынды. Анда кыргыз киносун өнүктүрүү үчүн эң алгач каражат, техникалык колдоо жана кадр маселесин чечүү зарылчылыгы айтылды. Соңунда “КРнын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө” мыйзамын Жогорку Кеңеште карап талкуулоо чечими кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: