Ысык-Көл. "Ысык-Көл мырзасы-2012" жана "Ысык-Көл периси-2012" наамдары өз ээлерин тапты



Үстүбүздөгү жылдын
15-ноябрь күнү облус боюнча өткөрүлгөн “Сулуулук дүйнөнү
сактап калат” аттуу “Ысык-Көл мырзасы жана периси-2012” кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Иш-чарада катышуучулар кыргыз улуттук кийимдерин кийип өз таланттарын көргөзүштү. Уюштуруучулардын айтымында, иш-чаранын өзгөчөлүгү кыргыздын үрп-адат, каада-салттарынын көргөзүлгөнүндө болду. Баш байгеге кыздар арасынан Элнура Калыкова, мырзалар
арасынан Элдияр Жапаров ээ болуп, жеңүүчүлөргө Каракол тоо-лыжа базасына эс алууга жолдомо берилди. Кыздардан
1-орунга Айпери Аскерова, 2-орунга Айгерим Темиралиева, 3-орунга Чолпон Кемелова татыктуу болду. Ал
эми мырзалардан Арген Айманбаев 1-орунга ээ болуп, жеңүүчүлөргө
чакан белектер тапшырылды.
Автор: Айзат Анарбекова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
0

