Кыргыз мамлекетинин тышкы карызы 3,9 миллиард долларды түздү
Кыргыз мамлекетинин тышкы карызы 3 миллиард 984 миллион 54 миң долларды түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, жалпы мамлекеттик карыздын көлөмү 4 миллиард 378 миллион 71 миң доллар. Анын ичинде ички карыз 394 миллион 17 миң доллар.
Эске салсак, сентябрь айындагы көрсөткүч боюнча мамлекеттик карыз 4 миллиард 286 миллион 700 миӊ доллар болчу: 3 миллиард 897 миллион 27 миӊ доллары тышкы карыз, 388 миллион 80 миӊ доллары ички карыз. Ал эми 2017-жылдын башында өлкөнүн мамлекеттик карызынын көлөмү 4 миллиард 105 миллион 44 миң долларды түзгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:58
2025-07-16

Рейтинг:
2

Супер инфо кайсы мамлекеттерден карызбыз ошол жонундо маалымат бергилечи. Менимче Кытайдан коп карыз болсок керек.