Неймар "Барселонаны" Чемпиондор Лигасынан четтетүүнү УЕФАдан сурады

Франциялык "ПСЖ" футболдук клубунун оюнчусу Неймар мурунку клубу "Барселонаны" Чемпиондор Лигасынан четтетүүнү УЕФАдан сурады. Буга аталган клуб Неймардын атасына бериши керек болгон бонустарды төлөбөгөнү себеп болууда. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазат.
Окуя тууралуу тактап айтсак, Неймардын мыйзамдуу өкүлдөрү 3-августта "Барселона" менен келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуп бул үчүн аталган клубга 222 миллион евро төлөп беришкен. Келишим бузулгандан кийин футболчу франциялык клуб "ПСЖга" өткөнү маалым. Эми Неймар мурдагы ойногон клубу "Барселонаны" Чемпиондор Лигасынан четтетүүнү суранууда. Анткени Неймар 2016-жылы испаниялык клуб менен келишимди узартканы үчүн клуб анын атасына 26 миллион еврону убадалаган. Футболчунун агенти жана өзүнүн атасы ал бонусту өндүрүп ала элек. Себеби "Барселона" Неймар келишимди мөөнөтүнөн мурда бузду деп бонусту төлөөдөн баш тарткан.
Чет элдик басылмалар жазгандай, УЕФА бул суранычка олуттуу деле маани берген эмес.

озу кыргыздар болунуп зоорго жургондо эми реал барса болунуп куйдурушту ар жерде айтышып бир тыйын пайдасы жок нерсеге...
Ал сөзүнө башкармалык маани деле бербептирго бечарага. Барса туура кылат, төлөбө ал саткынга).
http://www.super.kg/kabar/news/203259/