super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 8-ОКТЯБРЬ: Белгилүү актёр жана режиссёр Мурат Мамбетов 62 жашка толду

 

Бүгүн, 8-октябрда Кыргыздын белгилүү актёру жана режиссёру Мурат Мамбетов 62 жашка толду. Актёрду куттуктап байланышка чыкканыбызда, туулган күнүн белгилебей тургандыгын билдирди.

"Чынын айтсам, бүгүн туулдум эле деп өзгөчө сезимдерге балкыган жокмун. Кадимкидей эле үйдө, үй-бүлөмдүн жанында отурам. Менчик майрамым менен алгачкылардан болуп кызым куттуктаган, андан соң жалпы кесиптештерим, жакындарым байланышка чыгып, кезек-кезеги менен жылуу сөздөрүн арнашууда. Бул күндү белгилейин деген план жок, үйдө эле болом. Ал эми үйгө азыр эле Гүлнур кайнежем (ред. Сатылганова) "Туулган күнүң менен" деген ырды англисче ырдап шаңдуу маанай менен кирди. Аны менен эми учурашып жатсам, силер чалдыңар", - деди актёр.

Белгилей кетсек, Мурат Мамбетов 1955-жылы 8-октябрда туулган. Ал "Аян", "Чиркин өмүр", "Апамдын махабаты", "Кууш жолдо", "Кара жолтой", "Тор", "Күлкүлятор", "Уламыштар" тасмаларына режиссёрлук кылып, айрымдарына өзү да тартылган. Ролдорду берилүү менен ийинине жеткире аткаргандыктан айрымдар үчүн фильмдердеги образы "Жаздык", "Композ" деген аттар менен көбүрөөк таанымал.

8-октябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
08.10.2017. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Омурлуу болунуз чынында кыйын актёр
08.10.2017. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бору зындан фильиминде Кампозду ойногон болсо керек..кут болсун,туулган кунунуз..баласы ооруп жатты беле кантип калды??сакайып кетсин ылайым..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: