Бишкек-Ош жолунда Хонда Фит күйүүчү май ташуучу унааны сүзүп, 5 адам каза болду



Бишкек-Ош жолундагы жол кырсыгынан 5 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, жол кырсыгы Кара-Көл шаарына жакын жерде 8-октябрда саат 11лер чамасында болгон. Анда күйүүчү май ташуучу унаа Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа менен кагылышып, окуя болгон жерден 3 адам мерт кеткен. Жаракат алгандардын экөөсү ооруканадан каза болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча мерт кеткендер бир үй-бүлө мүчөлөрү болушкан.
Хонда Фит унаасынын айдоочусу рулду башкара албай күйүүчү май ташуучу унааны барып сүзүп, андан соң унаа өрттөнүп баштаган. Күйүүчү май ташуучу унаанын айдоочусу Хонда Фиттен 4 адамды алып чыкканы айтылды. Айдоочу унаага кысылып калганы үчүн аны алып чыгуу мүмкүн болгон эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
1

Каза болгонлордун сурагы женил болуп, Аллах куноолорун кечирсин!
Бейишин берсин Аллах.
Чондор ушундай кырсыктарды угуп сабак алышса болмок!