super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 9-ОКТЯБРЬ: Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк почта күнү

 

Бүгүн, 9-октябрь - Бүткүл дүйнөлүк почта күнү. Майрам Бириккен улуттар уюмунун демилгеси менен 1969-жылы Бүткүл дүйнөлүк почта бирикмесинин 14-конгрессинин чечими менен негизделген.

Почтага байланыштуу кызыктуу фактылар:

  • Улуу Британияда 1952-жылга чейин почта аркылуу адамдарды жөнөтүүгө уруксат берилип келген.

  • 19-кылымдын аягында германиялык токойчу кызына сүйүктүүсү менен жолугууга тыюу салып койгондо сүйүшкөндөр эмен багынын көңдөйү аркылуу кат алмашышкан. Алардын бул кылганын атасы байкап калып, экөөнүн турмуш курушуна уруксат берген. Үлпөт той дагы ушул дарактын алдында өткөн. Ошол учурдан бери түгөйүн тапкысы келген адамдар ушул даракка келип кат таштап кетүүнү адатка айлантышкан. Кийинчерээк бул эмен расмий почта дарегине айланган. Маалыматтарга караганда, ушул кызматтан пайдаланып таанышкан 100дөн ашуун түгөйлөрдүн никеси кыйылган.

  • Тарыхтагы эң узун кат англиялык Элан Форман аттуу адам тарабынан жубайы Женетке жөнөтүлгөн. Ал катты жазып бүтүрүү үчүн 2 жылдан ашык убакыт короткон. Аялына сүйүүсүн билдирген катта 1 миллион 402 миң 344 сөз болгон.
  • Ал эми эң көп сандагы катты япониялык Вичи Нода аттуу аткаминер аялына жиберген. Командировка учурунда жөнөтүлгөн каттардын саны 1307ге жеткен.

  • Тынч океанындагы Вануату мамлекетинде жээктен 50 метр алыскы аралыкта суу алдындагы почта станциясы иштейт. Сууну өткөрбөй турган конвертти дайверлер почта кутучасына салып же атайын кызматкерге беришет. Суу астындагы почта кутучалары Япония, Малайзия, Багам аралдарында дагы бар.

9-октябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: