super.kg logo

Вице-премьер Темир Жумакадыров каза болгон жол кырсыгындагы КамАЗдын айдоочусу эки айга камалды

 

Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров каза болгон жол кырсыгындагы КамАЗдын айдоочусу 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыгынан кийин айдоочунун канында алкоголдун бар же жоктугу текшерилип, алдын ала жыйынтыкта канында эч нерсе табылган эмес. Дайындалган экспертизанын жыйынтыгы 10 күндөн соң белгилүү болот.

Эске салсак, 7-октябрь күнү эртең менен саат 07:30 чамасында Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун Чүй облусунун Москва районуна караштуу Садовое айылындагы бөлүгүндө КамАЗ Тойота Прадо унаасын сүзүп, 10-15 метрге чейин сүрүп кеткен. Натыйжада Тойота Прадо унаасынын ичиндеги Темир Жумакадыров, анын жардамчысы жана айдоочусу каза болгон. Жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголгон эле.

КамАЗдын айдоочусу Чүй облусунун Панфилов районунун 25 жаштагы тургуну экени белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(27)
09.10.2017. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай жаман иш болду окунучтуу Темир байке эл учун иштей турган адам эле жайы жаннаттан болсун уй булосуно сабыр берсин
09.10.2017. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+62
Албетте карапайым эл кунолуу болуп чыга келет. Камаздын айдоочусу ичпесе оз жолу менен бара жатса неге кунолуу? Вице примьердин айдоочусу 120/180 менен айдаса албетте кырсыка учурайтта. Башында айтышпадыбы камаздын айдоочусу мас экен деп, ал эми алдын ала экспертизада канында эчнерсе табылган эмес деп жатпайбы!. Менин ойумча Вице примерьдин айдоочусу кунолуу.
Artur555 түзөттү 2017-10-09 11:06:32
09.10.2017. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+34
Artur555,туура катуу ылдамдыкта баратканго шашып кетип жатса керек.
09.10.2017. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+31
Качан бул бийлик кеткенде гана адилеттуулук болот болбосо карапайым калкка кыйын болот
09.10.2017. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+43
Камаз прицеби менен катуу ылдамдыкта журө албайт бат эле карапайым адам күнөөлү болуп чыга келет
09.10.2017. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Кооп кеткен да.Баарын Аллах коруп турат.бийликтин машинасы болсо эле жол тегиз эмес.
09.10.2017. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+31
Байкуш айдоочу жаш экен шору курудуго куноолуу болбосо дагы камалат эми
09.10.2017. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Бироонун ажалы бироонун азабы да.
09.10.2017. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Саткыла дагы праваны чоңдор өзүн башын өзү жейт . Правасы барлар ким өз күчү м.н окуп эгзамен тапшырып права алган ??????? эч ким жок.
09.10.2017. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Akyl78.1501,мен озум окуп алгамын
09.10.2017. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Камаздын тормозун да текшерип коруу керек мумкун тормоз отказ бергендир
09.10.2017. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
kechirmeni,камазды эмес беркилерди текшерип коруш керек,мумкун беркилер минге коюп келаткандыр?
09.10.2017. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Акырыын жургон чондун машинасын королекмин
09.10.2017. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Чын чиновник озу кунолуу катуу айдашат айнектерин капкара кылып танировка кылып алышат
09.10.2017. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Бул жерде камаздын куноосу жок. Бул бештен белгилуу. Анткени орустардын жук жуктолгон камазы прицеби менен алдыдагы машинаны ашуу учун каршы тилкеге чыга албайт. Андай ылдамдыка кучу да, кубаты да жетпейт. Бул жерде джиптин айдоочусу куноолу. Катуу ылдамдык менен баратып, каршы тилкеге чыккан болуш керек. Астыдагы машинадан ашып отом деп. Катуу ылдамдыкта рульду башкара албай, озунун тилкесине которулууга улгурбой камаздын алдына кирип кетти. Башкача болуусу мумкун эмес. Эми байкуш айдоочу куноо
09.10.2017. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Nibiru.,Мен да оюңузга 100% кошулам. Прицеп чиркеп келе жаткан КамАз көп болсо саатына 40-50 чакырым менен келе эатса керек эле(жүгү менен).Ал эмо премьер министр олтурган унаа саатына 120 км ден кем жүрбөсө к.к. Бирок Жараткан кудайым ажалга бир нерсени себеп кылат экен.Жаткан жери жайлуу болсун. А КамАхдын айдоочусуна сабыр тилейм. Баары жакшы болот.
09.10.2017. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Урматтуу туугандар иш кылдат тергелип бутмойунчо бироону соз кылып куноого батпайлы, тем более олгон адамды. Ишти алып барып аткандардан суранарыбыз кылдат текшеришсин бекеринен бейкуноо адам камалып кетпеши керек
09.10.2017. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Байкуш.камазист алар чет менен айдайт. Жип айдагандар коруп эле журобуз. Шамалдай учат.
Tyty1990 түзөттү 2017-10-09 13:24:07
09.10.2017. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бул чондор жолдо жургондо чекеге чыгып турат окшойбуз. Бул бийлик оз билгенин кылып калды.
09.10.2017. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошондо встречный кагышканда камаздын жолунда кагыштыбы же Жиптинби?камаздын жолунда кагышса Жип кунолуу,Жтптин жолунда кагышса Камаз куноолуу
09.10.2017. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен Исфана Бишкек трассада коп журом обгонго чыкканда наглый эле чыга беришет коруп турса деле
09.10.2017. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Так маалымат жокпу кайсы полосада кагылышты камаз бара жаткандабы же джип бара жаткан полосадабы коргондор болсо да жазып койгулачы
09.10.2017. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мага ушу кишинин олуму бираз тушунуксуз болуп турат! Же атайын уюштурулгандай сезилип жатат шайлоого карата текшерууго кетип жаткан беле адашбасам
09.10.2017. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
каршы тилкеге камазды чыкты деп жазышты женил машина помех Берген экен деп ал машина белгисиз.джип каршы тилкеге чыкса керек да качат деп Камаз качмакпы конуп калышкан да качырырып айдашып вот и попали айтарым кичине кудай деп журушсо ушулар,шопурлары озунчо крутой табалаган жокмун жонокой шопурлар встречкага чыгат буларга соз жок камаздын шопуруна кыйын болот экен.
09.10.2017. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Камаздын айдоочусунда эмне куноо?
09.10.2017. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таластан келе жатышкан болсо значить джиптин водители уктаган эмес го? Грузовой машина КамАЗ болсо ал алыстан келе жаткан машина эмес, алыска журо албайт, уйунон эле кунумку жумушуна уктап алып чыккан жаран менимче. Эмнеси болсо да акыйкат каралсын эми.
10.10.2017. 04:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шорун каткыр баягы эле карапайым Эл куноолу болотда.....жаш бала экен куноолу болбосода куноону мойнуна илетда ал баарына эле белгилуу. Качан эле бизде калыстык бар эле...?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: