6 жаштагы бийчи Нурпери Тургуналиеванын "Лучше всех" телешоусунда өнөрүн тартуулаганын Орусиянын Биринчи каналы көрсөттү



Кара жорго аркылуу жана башка улуттардын бийлери менен белгилүү болгон 6 жаштагы Нурпери Тургуналиеванын "Лучше всех" таланттар шоусуна катышып, өнөрүн тартуулаганын Орусиянын Биринчи каналы көрсөттү. Телеберүү кечээ, 8-октябрда эфирге чыкты.
Анда кичинекей бийчи 2 жашынан баштап бийди интернеттен өзү өздөштүргөнүн айтып, "Жалын" бийди жана грузиндердин бийин бийлеп берген.
Эскерте кетсек, ушул жылдын март айында Нурпери Бишкекте өткөн сынактардын биринде кийимди бат алмаштырып кийип, 3-4 улуттун бийин бийлеп көрүүчүлөрдү таӊ калтырып, Кытайга өнөрүн көрсөтүп келүүгө жолдомо алган.
Нурпери Тургуналиева "Лучше всех" телеберүүсүндө
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
9

Омурлуу бол эч качан ооруба,эмне кааласан кудайым чонойгондо баарын оорундатсын азаматсын.
ата-энесине рахмат!!!