Алмазбек Атамбаев өлкөнүн ишкерлери менен жолугушту













Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн бардык аймактарынан келген ишкерлер менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө ишкерлер мамлекет башчысына акыркы жылдары өлкөдө бизнес жүргүзүүгө жана ишкерликти өнүктүрүүгө шарт түзүү, арзан насыялык ресурстарга жетүүнү камсыз кылуу боюнча суроолорду беришти.
Президент мамлекеттин экономикасын өнүктүрүүдө, анын бакубатчылыгын арттырууда ишкерлердин ролун жана салымын баса белгиледи. “Ишкерлер, дыйкандар, чакан жана орто бизнес өлкөнү багып жаткан адамдар. Ошондуктан алар ийгиликтүү иштеши үчүн бардык шарттарды түзүш керек”, - деди Атамбаев.
Атамбаев “Таза коом” программасын ишке ашыруу салык кызматынын ишкерлер менен түзмө-түз иштешине бөгөт коё турганын билдирди. Ал бизнес үчүн тиешелүү инфраструктура түзүүгө көп күч аракет жумшалганын айтты.
"Акыркы жылдары энергетикада жана жол курулушунда ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылды. Андан тышкары ишкерлерге жеткиликтүү насыяларды берүү үчүн шарттар түзүлүп, жогорку деңгээлде чет элдик өнөктөштөр менен буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында жаңы финансылык ресурстардын келиши күтүлүүдө”, - деди президент.


Албетте сындаш эмес бирок эмнелерди айтты экен. Дегеним, ар бир суйлогон созуно кулбой коюуга мумкун эмес эле, куудулданып суйлоп журуп куудулдардын ар бир тамашасына аралашып эле жатып калды эле.
Бир видеосун жуктоюн дедим эле бул жака, кандай болоор экен.
Тигине Саудияга барып алып кайра кайталбай кыйналып жургон кыргыз кыз-келиндер тууралуу макала журот. Ал жактагы элчилик жардам бере албайбыз деп кутулуптур. Ошолбу Атамбаевдин элди ойлогону?!!