Ошто Өзбекстандын маданият күндөрү өттү



















Ош облусунда 7-8-октябрь күндөрү Өзбекстандын маданият күндөрү өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Өзбекстандан келген делегацияда аталган мамлекеттин маданият министринин орун басары Озодбек Назарбеков жана башка таланттуу инсандар болгон. Алгач маданият күндөрүнүн алкагында кинотеатрлардын биринде "Чөл ханышасы" ("Ойкиз эртаги") тасмасы көрсөтүлгөн. Андан соң Ош улуттук драма театрында гала концерт өткөн. Концертте "Узбекистан", "Навбахор" бий ансамблдери, Өзбекстандын эл артисттери Озодбек Назарбеков, Зулайхо Бойхонова, Мунаджат Юлчиева, Гүлсанам Мамазоитова; Эмгек сиңирген артисттер Алишер Турдиев, Юлдуз Турдиева, Женисбек Пиязов, Улугбек Рахматуллаев жана башкалар өнөрүн тартуулашкан.

Бул кетишинде Ошту Озбекстанга сунушташы да эч соз эмес, кызыктырбайт, жеп жутарларды!
Кулдуросуз да )))
Адамдын бир дөбө алтыны болсо, дагы бир дөбө алтыным болсо дейт экен.Негизи көзүнө топурак тийгенде гана тоет экен.
Маммлекеттин ичинен сатып, анысы бүтүп чекечинен кемирип сатышып деле тоюушпады, эмне дейбиз .....тиякка барганда тоюушаар дейбиз.