super.kg logo

Аксыда мурда зордуктоо фактысы боюнча соттолгон жаран 44 жаштагы аялдын өлүмүнө шектелип кармалды

 

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда мурда, союз мезгилинде зордуктоо фактысы менен соттолгон жаран 44 жаштагы аялдын өлүмүнө шектелип кармалды. ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, 24-сентябрь күнү кечинде Аксы РИИБине жергиликтүү тургун телефон чалып, Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кербен-Таш-Көмүр унаа жолунун 42-чакырымында белгисиз аялдын жансыз денеси жатканын билдирген.

Тергөө учурунда өлгөн аялдын ким экендиги такталып, ал Таш-Көмүр шаарынын 44 жаштагы жашоочусу жана экинчи топтогу майып экендиги аныкталган. Факты боюнча Аксы РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталган.

Иликтөө аракеттеринин негизинде жогорудагы кылмыш болгон аймакта жайлаган малчылар суракка алынган. Натыйжада кылмышка шектүү катары 58 жаштагы А.Э. аттуу жаран кармалган. Маалымат боюнча шектүү ушул эле аймакта бирөөнүн малын багат.

Окуя тууралуу айта кетсек, ал күнү бир нече адам чогулуп алып спирт ичимдигин ичишкен, анын ичинде өлгөн аял дагы бар. Кийинчерээк калганы тарап үйлөрүнө кетишип, кылмышка шектүү менен каза болгон аял гана калган. Ортодон чыккан чырдан кийин аялдын денесине оор жаракат келтирип, таштап кетип калган.

Милиция кызматкерлери тарабынан шектүү сарайда уктап жаткан жеринен кармалган. Тергөө учурунда кылмышка шектүү мурда бир нече жолу соттолгону такталган. Ал СССР учурунда ошол учурдагы 108-беренеси (зордуктоо) боюнча сот жообуна тартылган. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
09.10.2017. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баары арактын айынан....
09.10.2017. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Конгон адат калабы уйга жугон салабв
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: