Бишкек-Ош унаа жолунда КамАЗ менен Мерседес-Спринтер кагышып, бир айдоочу каза болду
Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун аймагындагы Бишкек-Ош унаа жолунда КамАЗ менен Мерседес-Спринтер үлгүсүндөгү жеңил унаа кагышып, бир айдоочу каза болду.
Маалыматка караганда, кырсык 7-октябрь күнү таңкы саат 5:00дө болгон. Натыйжада Спринтер унаасынын 1973-жылы туулган К.К.Э. аттуу айдоочусу каза болуп калган. Ал эми КамАЗ айдап бараткан айдоочунун буту сынып Таш-Көмүр шаарындагы ооруканага жеткирилген. Алдын ала маалыматтар боюнча КамАЗдын айдоочусу рулду башкарып бара жатып уктап кеткен.
Сүзүшкөн унаалардын ичинде дагы бирден жүргүнчү болгон. Алардын абалы жакшы экени кабарланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
-1

Туура колдойм, ансыз кунуно Бишкек-Ош унаа жолунда кырсык, кобун эсе олум каза болуу менен аяктап жатат.
Жана да Супер инфо жамааты сиздерден сураныч, МВД , патрульдук милициялардан ушул жол кырсыктарын козомолго алса болобу, дегеле Бишкек-Ош жолунда иш алып барышабы, ушул жонундо сурап бересиздерби?