super.kg logo

БШКнын 4 мүчөсү кесиптештерин бийликтин жетегинде жүрбөөгө чакырды (кайрылуунун тексти)

 

Бүгүн, 9-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын 4 мүчөсү Назарали Арипов, Гүлнара Журабаева, Атыр Абдрахматова жана Елена Джилкичиева кайсы бир президенттикке талапкердин каттоосун жокко чыгарбоого чакырып, кесиптештерине ачык кайрылуу жасашты.

"Тагдыр биздин курамыбызга Кыргыздын келечектеги жолуна жакшы таасир этүүгө тарыхый уникалдуу мүмкүнчүлүк берди: алгачкы жолу өлкөбүздө шайлоочулар иштеп жаткан адамды "бекитүү" эмес, президенттикке жаңы адамды шайлоо укугуна ээ болду.

Эгер биз мындай жогорку максатка татыктуу боло албасак, көз карандысыз жана адилеттүү боло албасак, биз шайлоону үзгүлтүккө учуратып, Кыргызды эволюциялык өнүгүү жолунан жарга түртүп, жарандык тирешүүгө жеткиришибиз мүмкүн.

Эгер Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого аз күн калганда кайсы бир президенттикке талапкердин каттоосун жокко чыгарса, шайлоо болбой, мурдагы жылдардай бир талапкерди бекитүү болуп калат. Элдин өзүнүн башчысын шайлоо мүмкүнчүлүгү ишке ашпай калат. Бүгүнкү күндө эки негизги талапкердин бирин жарыштан четтетип салууну коом чоң адилетсиздик катары кабыл алат.

Биз Борбордук шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрүн өзүнүн мураскорун колдоп жаткан бийликтин жетегинде жүрбөөгө, ошол эле учурда күрөштүн туура эмес ыкмаларын колдонуп жаткан башка талапкерге көнбөөгө чакырабыз," - деп айтылат маалыматта.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
09.10.2017. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Элди бийликтин кулу болбоого чакырат элем, бизге чоң өзгөрүүлөр керек
09.10.2017. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жаны бийлик келишин жана реформа болушун каалайм!
09.10.2017. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Талкуу жабык болгондугуна байланыштуу бул жакка жазгым келди.жээнбеков президент болсо маданият онугот дешиптир.маданиятты онуктургон адам башкачаа болот.сыйлык алгандар сыйпалап жазып кеттиптир.маданиятты онуктуро турган турун корбодук го.ырдаган сындаганды кысым корсотуп,зал бербей,сыйлабасын ачык эле корсотуп жатат.акчасы барды сыйлап,акчасы жокту,козу отконду конул айтышка жарабайт.кана маданият министри Гулбу Ороскул кызына конул айтып жеттиби?жок албетте
10.10.2017. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ойгонгула кыргыз Элим татыктуу Президентти шайлайлы
10.10.2017. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элге тынчтык керек, ар балээнин башын кылтайтып ушулардыкы өттү. Башаламандыкка жол жок. Баягы эле эл жабыр тартат, жегичтер алмашат.
10.10.2017. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атамбаев адилетсиз президент катары тарыхта калаары бышык!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: